Перейти на новый сайт
MegaCom Ош шаарынын күнүн белгиледи

MegaCom Ош шаарынын күнүн белгиледи

Өткөн аптада Кыргызстандын түштүк калаасынын тургундары жана меймандары үчүн эстен кеткис күн болуп калды. Шаар күнү – түштүк калаабыздын түптөлгөндүгүнүн 3019 жылдыгы MegaCom компаниясынын колдоосу менен өткөрүлдү.

Майрам күндүн урматына борбордук аянтта ар кыл мүнөздөгү көргөзмөлөр уюштурулуп, спорттук таймаштар, боорсоктор фестивалы, гүлдөр, жаачылардын мелдештери, айыл-чарба жармаңкеси жана башкалар өткөрүлдү. Балансын толуктаган меймандарга MegaCom компаниясынын баалуу байгелери тапшырылып, бөбөктөргө фирмалык шарлар тартууланды.

«Ош шаарынын күнүн абоненттерибиз менен бирге өткөрүп, аларга майрамдык маанай тартуулап жаткандыгыбызга абдан кубанычтабыз. Келечекте түштүк калаабызды өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду уюштурууга жана өткөрүүгө көмөк көрсөтүп турмакчыбыз. Ош шаарынын тургундарына чың ден соолук, бакыт -таалай жана ийгилик каалайбыз! Байыркы калаабыз өнүгүп, кооз шаарлардын катарын толуктасын!», − деп белгилей кетти MegaCom компаниясынын башкы директору Акылбек Жамангулов.

Кечинде борбордук стадион өзгөчө шаңга бөлөнүп турду. Кыргызстандын жана Өзбекстандын эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерт жана дискотека уюштурулду. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, өз кезегинде, мобилдик оператордун жетекчилигине ыраазычылыгын билдире кетти. MegaCom компаниясынын миңдеген шарлары түнкү асманды көркүн чыгарды.

Сунушталган кызматтар

  • «Мобилдик которуу»

    кызматы

  • «Номер алмашуу»

    кызматы

  • «GoodOk»

    кызматы

    icon
  • Планер

    кызматы