Перейти на новый сайт
MegaCom Чүй облусунда 4G түйүнүнүн камтуу аймагын кеңейтти

MegaCom Чүй облусунда 4G түйүнүнүн камтуу аймагын кеңейтти

Интернет-трафикти керектөөчүлөрдүн саны арбып жаткандыгын эске алуу менен, MegaCom бул багыттагы техникалык жумуштарды байма-бай аткарып келет.

Жаңы базалык станцияларды ишке киргизүүнүн натыйжасында бир катар аймактарда жогорку ылдамдыктагы интернет кеңири кулач жайды. Маселен, Чүй облусунун Интернациональное, Кичи-Кемин, Боролдой, Жаңы-Жол, Советское, Бөрүлү, Төш-Булак жана Четинди айылдары 4G түйүнү менен камсыз болду. Азыркы учурда аталган айылдардын жашоочулары интернет ааалмына саякаттап, жогорку сапаттагы видеоконтентти жүктөп алып же  зарыл маселелерин көз ачып -жумгуча чече алышат.

Аракеттеги базалык станцияларды жаңылоо да өз жемишин берүүдө. Бишкек, Ош жана  Чолпон-Ата шаарларында, Ысык-Көл облусунун Григорьевка айылында сигналдын деңгээли жакшыртылды.

*460 акысыз буйруусун териңиз жана  SIM-картаңыз жана мобилдик түзмөгүңүз  4G LTE түйүнүн колдой тургандыгын текшерип алыңыз. Компаниянын Сатуу жана тейлөө борборлорунда же Фирмалык салондорунда  SIM-картаңызды 4G колдоосу бар жаңы SIM-картага алмаштырып алсаңыз болот.

MegaCom компаниясынын расмий сайтында каптоо картасы жайгаштырылган.

Сунушталган кызматтар

  • Алдын ала төлөө картасынын статусун текшерүү

    кызматы

  • «Чакыруунун дарегин жаңыртуу»

    кызматы

  • «Сиздин төлөм»

    кызматы

  • SmartBook

    кызматы