Перейти на новый сайт
Балансты комиссиясыз толуктаңыз!

Балансты комиссиясыз толуктаңыз

MegaCom компаниясы Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда фирмалык терминалдарды орнотууну улантып келет. Бул аппараттар корпоративдик түстөрү  жана «Комиссия 0 сом» деген жазуусу боюнча айырмаланып турат.

MegaCom фирмалык терминалдары аркылуу төлөм жүргүзүү ыңгайлуу  ‒ ылдам, оңой жана кезек күтпөстөн. Алар эл көп чогулган жерлерге, тактап айтканда, Бишкек калаасында  «Народный» жана  «Глобус» соода түйүндөрүндө, “Айчүрөк”  дүр-дүйнө дүкөнүндө, Ош шаарынын «Ак-Ниет» ( «Батыш» кичирайону) жана «Датка» супермаркеттеринде («Фуркат» кичирайону) орнотулган. Чүй облусунун калктуу аймактарында да  MegaCom терминалдары абоненттерди тейлеп келет.

Аппараттардын жардамы менен коммуналдык кызматтар,интернет кызматтары үчүн төлөм жүргүзүп, айып пул, мүлктүк салыктарды төлөп, соттолбогондугу тууралуу маалымдама үчүн акы төлөп жана электрондук капчыкты толуктоого да болот.

Бишкекте, Ошто жана Чүй облусунда  200 дөн ашуун төлөм терминалы орнотулган. Балансты акысыз толуктоого мүмкүн болгон түйүндөрдүн даректери MegaCom сайтында жайгаштырылган.

Сунушталган кызматтар

  • «Чакыруунун дарегин жаңыртуу»

    кызматы

  • «Сени издейм»

    кызматы

  • «Чалуулардын деталдоосу»

    кызматы

  • «Маанай»

    кызматы

    icon