Перейти на новый сайт
MegaCom адистери 24/7 бою байланышта

MegaCom адистери  24/7 бою  байланышта

MegaCom компаниясынын тарифтери жана кызматтарына байланыштуу суроолор пайда болгон учурда адистерден  кошумча байланыш каналдары аркылуу  кеп-кеңеш алууга  мүмкүн экендигин эскерте кетебиз. Абоненттерге төмөндөгү  кызматтар жардамга келет:

«Онлайн-жардамчы» :

Бул ыңгайлуу сервис www.megacom.kg. расмий сайтында жеткиликтүү жана  абоненттердин убактысын үнөмдөөгө, зарыл болгон маалыматты тез табууга жардам берет.  Онлайн-чаттын  адистери менен байланышып,  MegaCom байланыш кызматтарына тиешелүү суроолоруңузду берүү үчүн браузердин терезесинде өз билдирүүңүздү жазып коюу жетиштүү.

  • «SMS – кеңешчи» : Өзүңүздү кызыктырган суроолорго кыска текст түрүндө жооп аласыз. Компаниянын абоненттик кызматына акысыз  SMS-билдирүүлөрдү жөнөтүү «Тынымсыз байланыш» кызматынын  500 номуру аркылуу ишке ашат.   
  •  MegaCom  операторлору  менен  WhatsApp аркылуу байланышуу  –  реалдуу убакыт режиминде абоненттер менен күнү-түнү байланышта болуу. Аталган  мессенджердин колдонуучусу  +996 999 500 000 номуруна билдирүү жөнөтүү аркылуу компаниянын мобилдик кызматтары боюнча өзүн кызыктырган суроолоруна жооп алса болот.  
  • Адистерден ыкчам кеп-кеңеш алуу үчүн  Facebook, Instagram, ВКонтакте, Одноклассники, Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызды барактаңыз. Ал жерде акциялар, конкурстар тууралуу маалыматтар жана актуалдуу жаңылыктар жайгаштырылган.

 MegaCom менен ыңгайлуу байланыш каналын тандаңыз!

Сунушталган кызматтар

  • MEGOGO

    кызматы

  • «SIM-меню»

    кызматы

  • MegaKassa

    кызматы

  • SmartBook

    кызматы