Перейти на новый сайт

MegaCom компаниясы кыргызстандыктарды Ата Мекенди коргоочунун күнү менен куттуктайт

 MegaCom компаниясы кыргызстандыктарды Ата Мекенди коргоочунун күнү менен куттуктайт

Алдыңкы мобилдик оператор кыргызстандыктарды келе жаткан Ата Мекенди коргоочунун күнү менен куттуктайт. Бул күн  – эр азаматтарыбызга мүнөздүү болгон кажыбас кайратты, эр жүрөктүүлүктү, мекенчилдикти даңазалаган күн. Алар  Манас атабыздан калган    мамлекеттүүлүктү чыңдоо жана аны көздүн карегиндей сактоо осуятын  ар-намыстуулук менен аткарып келишет. Өз кезегинде, MegaCom  Ата  Мекенин коргоону ыйык парыз катары түшүнгөн  ар бир кыргызстандыкты, айрыкча  өз өмүрүн мекенин коргоого арнаган аскер кызматчыларын – ардагерлерди, учурда кызмат өтөп жаткан жоокерлерди, болочок мекен сакчыларын куттуктоо менен, аларга  чың  ден соолук, бейпил жашоо, жакындарынын кубанычтарына чулганган бактылуу көз ирмемдерди каалайт.

Майрамды утурлай, MegaCom уюштура турган акцияга катышыңыз.  23-февралда, компаниянын кооз шарлар менен жасалгаланып, өзгөчө шаңга бөлөнө турган Сатуу жана тейлөө борборлорунда, мегабайттар жана мүнөттөрдөн турган белек топтомдору  түрүндөгү жагымдуу бонустар аракетте болот. Балансты  100 сомдон  200сомго чейинки суммада толуктоодо интернеттин 100 мегабайты, түйүн ичиндеги акысыз 50 мүнөт;  200 дөн 500 сомго чейин чейин толуктоодо интернеттин 512 мегабайты, түйүн ичиндеги акысыз 75 мүнөт;  ал эми толуктоо 500 сомдон жогору болгон учурда, интернеттин 1 гигабайты жана түйүн ичиндеги 100 мүнөт берилет.

Уюлдук оператордун бардык  Сатуу жана тейлөө борборлорунда  «Элдик 120», «Элдик Интернет 130», «Элдик Интернет 170» жана «Күн-Түн 3ГБ», «Күн-Түн 8ГБ» топтомдорун кошууда болсо, MegaCom абоненттерин компаниянын фирмалык азембелектери күтөт.

Акцияга катышып жагымдуу белектин ээси болуңуз жана жакындарыңызга да майрамдык маанай тартуулоону унутпаңыз!

Сунушталган кызматтар

  • Киоск

    кызматы

  • «Кийин төлөнүүчү роуминг»

    кызматы

  • NITRO

    кызматы

  • Шашылыш маалымдоо буйруусу

    кызматы