MegaCom өз абоненттерине жагымдуу белектерди тартуулайт
Алдыңкы мобилдик оператор 13-октябрда саат 10:00 дөн 22:00гө чейин, «Чынар» соода борборунда өткөрүлүүчү «Өзгөчө жума күнү» акциясына катышат. Бул күнү кардарлар үчүн болуп көрбөгөндөй арзандатуулар болмокчу. MegaCom Сатуу жана тейлөө борборунда балансын 50 сомго же андан ашык суммага толуктаган абоненттер мүнөттөр жана SMSтер түрүндөгү белек топтомдорун алышса, ал эми жагымдуу номурдун ээси болууну каалагандар «Алтын» жана «Күмүш» категориясындагы номурларды 50% жеңилдик менен сатып алса болот.
MegaCom компаниясы туруктуу негизде түрдүү акцияларды жана конкурстарды өткөрүп келет. Мындай иш-чаралар абоненттерге жагымдуу көз ирмемдерди тартуулай тургандыгы бышык. Байма-бай өткөрүлүүчү акциялардан жана жаңылыктар түрмөгүнөн Facebook, Instagram, Twitter жана Odnoklassniki социалдык түйүндөрүндөгү компаниянын расмий баракчалары жана megacom.kg. сайты аркылуу кабардар болуп туруңуз.
Мега-окуялардын борборунда бол!