Эми, Россияда жана Казакстанда жүргөндө MegaCom роуминги аркылуу баарлашуу мурдагыдан да ыңгайлуу
Эми, MegaCom абоненттери Россияда жана Казакстанда роумингде болгон учурунда Кыргыз Республикасынын мобилдик жана катталган номурларына арзандатуу менен чала алышат. Башкача айтканда, жакындарына чалуу оңтойлуу гана болбостон, арзаныраак да болуп калды.
MegaCom сунуштаган «+996» топтомдорунун сериясы роумингде үн байланышы менен активдүү колдонгон абоненттер үчүн өзгөчө ыңгайлуу. Топтомдун шарттары «+996» аймагында БАРДЫК мобилдик номурларга (оператордон көзкарандысыз) чыккан чалуулар үчүн жеткиликтүү.
Ата Мекендик мобилдик оператор коңшу өлкөлөрдө роуминг- өнөктөштөрүнүн санын арбытып келет. Айтмакчы, мега-абоненттер төмөндөгү операторлордун түйүндөрүндө да «+996» ыңгайлуу топтомдорун кошо алышат:
Россия – MegaFon, Tele2, МТS
Казакстан – Kcell, Теle2, KaR-Tel
«+996» кызматынын шарттары тууралуу толук маалымат менен таанышуу үчүн, *104# номуруна чалыңыз жана компаниянын megacom.kg расмий сайтын барактаңыз.
MegaCom роуминги менен дүйнө жүзүнүн кайсы жеринде жүрсөңүз да, өзүңүздү үйүңүздөгүдөй сезе аласыз.