MegaCom : «Ата-эне көзөмөлү» балдарды көзөмөлдөөгө көмөктөшөт
MegaCom компаниясынын Үй-бүлөлүк топтомунун алкагында көрсөтүлүүчү кызматтарынын саны арбып келет. Эми, «Ата-эне көзөмөлү» кызматынын жардамы менен балдарыңыз мобилдик телефон менен пайдаланган учурда, алардын коопсуздугу үчүн кам санабай эле койсоңуз болот, жана да аларды күтүлбөгөн чыгымдардан коргой аласыз.
«Ата-эне көзөмөлү» кызматы» ата-энеге баласын аралыктан көзөмөлдөө үчүн төмөндөгүдөй мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт:
- Баланстын учурдагы абалын көзөмөлдөп туруу ;
- Оюн-зоок мүнөзүндөгү акы төлөнүүчү сайттарга бөгөт коюу;
- Эл аралык чалууларга жана мобилдик которууга тыюу салууну башкаруу;
- «Сиздин мобилдик эсебиңиз» кызматы боюнча эсептин деталдоосун ай сайын алуу жазылуусун башкаруу;
- Өткөн айлар үчүн жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн өлчөмүн, жана да кошулган акы төлөнүүчү кызматтардын тизмесин көрүү.
Жакын адамдардын 10го чейинки номурун кошууга боло тургандыгы кызматтын дагы бир ыңгайлуулугу болуп саналат. MegaComдун «Ата-эне көзөмөлүнүн» артыкчылыгы-бул *11# кыска номурунун жардамы менен кызматты жөнөкөй жана акысыз башкаруу. Кызмат тууралуу толугураак маалымат менен оператордун www.megacom.kg. сайтынан таанышууга болот.