Перейти на новый сайт
MegaCom: Интернеттин эң ыңгайлуу тарифин тандап ал

MegaCom: Интернеттин эң ыңгайлуу тарифин тандап ал

Бүгүнкү күндө ыңгайлуу тарифтерди сунуштаган интернет-провайдерлердин саны арбып келет. Тарифтердин ташкынынан эң ыңгайлуусун тандап алууда Сизге MegaCom эксперттери жардамга келет.

Алгач Сиз канча трафик сарптай тургандыгыңызды билип алышыңыз керек. Бул үчүн *080*3# буйруусун терүү менен өткөн айда сарпталган же *081*3# буйруусу аркылуу аракеттеги айдагы интернет үчүн сарпталган каражаттар тууралуу толук маалымат ала аласыз. Мобилдик Интернеттин алдыңкы провайдери болгон MegaCom компаниясы көптөгөн тарифтик опцияларды, кызматтарды жана интернет-трафиктин колдонуучулары үчүн топтомдордун түрлөрүн сунуштап келет. Бул ар бир колдонуучунун мүдөөсү эске алынат дегенди билдирет. Кайсы бир колдонуучу Одноклассники сайтынан сүрөттөрдү көрсө, кайсы бири WhatsApp аркылуу кат жазышат. Ал эми кээ бирине автоунаада бара жатканда интернет-радиону угуу жакса, көптөгөн колдонуучулар Youtube сайтынан балдарына роликтерди көрсөтүшөт.

Сунуш берүү үчүн 5 топко бөлүнөт:

Айына 50 Мб WhatsApp, WeChat сыяктуу программалары аркылуу билдирүүлөр менен алмашуу үчүн жетиштүү. Бул учурларда Жеткиликтүү интернет, Интернет Топтому 35+ же Интернет Топтому 60+ сыяктуу мегабайт үчүн төлөө опциялары ылайыктуу болот. Сизден пайдаланылган трафик үчүн гана төлөм алынат жана айлык аванс алынуучу чексиз тарифтер менен салыштырмалуу үнөмдөөгө шарт түзөт. Чыгымдар айына 50дөн 110 сомго чейин болот.

Айына 50дөн 100 Мб-га чейин социалдык тармактарга кирүү үчүн жетиштүү. Бул үчүн Интернет Топтому 125+, Интернет Топтому 300+ MegaCom топтомдук сунуштары ыңгайлуу келет. Топтомдордун наркы 150дөн 320 сомго чейин.

Жаңылык жана тематикалык сайттарды көрүү үчүн айына 100дөн 500 Мб-га чейин жетиштүү болот. Айына 155 сом менен Inside 500 топтомун же айына 600 сом аркылуу Чексиз Интернет тарифтик опциясын пайдалануу сунушталат.

Колдонмолорду жаңыртуу жана YouTube-дан роликтерди көрүү үчүн айына 500 Мб-дан жогору жетиштүү. Сунуш: Inside 2 Гб же Чексиз Интернет 100. Аталган сунуштардын наркы айына 395тен 900 сомго чейин.

«Топтомдор 1 Мб трафиктин наркынын төмөн болгондугу менен ыңгайлуу, бирок пайдалануу чегине жеткенден тарта жүктөлгөн маалыматтын ар бир мегабайты өзүнчө тарифтелет, ошол себептен сарпталган мегабайттар жана эсептеги калдык тууралуу дайым кабардар болуу зарыл. Ушул эле учурда, бул сунуш наркы боюнча эң ыңгайлуу десек жаңылышпайбыз. Ал эми, Чексиз Интернет жана Чексиз Интернет 100 тарифтик опцияларынын наркы күнүнө 19,5тен 30 сомго чейин. Абонент топтомдогу чектен ашып, көбүрөөк сарптап алуудан кам санабай эле койсо болот,» - деп белгилеп өттү, маркетинг департаментинин жетекчиси Мирлан Карабукаев.

Интернетти бир нече саат же бир күн бою колдонгон учурларда Unlim 24 жаңы сунушунан пайдаланыңыз. Ыңгайлуу сунуштун наркы 24 саатка болгону 25 сом.

Эгерде Сиз бонустук программанын катышуучусу болсоңуз, MegaCom байланыш кызматтарынан пайдалануудагы жагымдуу кошумча болуп келген, топтолгон бонустарды акысыз мегабайттарга алмаштыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө унутпаңыз!

Сунушталган кызматтар

  • MegaTV

    кызматы

  • «SIM-картаны каттоо»

    кызматы

  • «MegaCom 4G USB модеми»

    кызматы

  • «SIM-меню»

    кызматы