MegaComдун Nano-Sim-карталары сатууда
Бүгүнкү күндөн тарта, борбор калаабыздагы MegaCom компаниясынын Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборлорунда Nano-Sim-карталар сатыкта пайда болду. Жакынкы арада сим-карталардын жаңы түрүн бардык кыргызстандыктар пайдалана алышат.
Жаңы сим-карталардын көлөмү кичирээк гана болбостон, калыңдыгы 15 пайызга азайып, IPhone түркүмү сыяктуу жогорку класстагы телекоммуникациялык акылфондордун ичиндеги мейкиндикти бир нече ирет үнөмдөөгө шарт түзөт. Nano-SIM-карталардын расмий стандарты буга чейинки түрлөрү менен толук шайкеш келет. Жаңы сим-картанын пластикалык четтери алынганы болбосо, micro-sim картадан айырмаланбайт.
MegaCom алдыңкы уюлдук оператору өз абоненттеринин ыңгайлуулугун алдыңкы орунга коюп, жогорку сапаттагы байланыш кызматтарын гана эмес, жогорку ылдамдыктагы Интернет жана телекоммуникация тармагындагы жаңы жетишкендиктерди сунуштап келет.