Перейти на новый сайт

А. Тыналиевдин кыргыз элдик ырлар жыйнагы жарык көрдү

 А. Тыналиевдин кыргыз элдик ырлар жыйнагы жарык көрдү

Кечээ жакында, 127 көрүнүктүү элдик ырларды, күүлөрдү, дастандарды жана обондорду камтыган “Кыргыздын элдик ырлары” аттуу уникалдуу музыкалык жыйнак жарык көрдү. MegaCom компаниясынын колдоосу менен чыккан бул жыйнак - композитор, музыкант, фольклорчу Астар Тыналиевдин көп жылдык эмгегинин үзүрү.

                 

Автордун айтымында, убакыт учкан куштай тез өтүп, элдик ырлар тез унутулуп, эски аудио-тасмаларда же архивдик материалдарда кала берет экен. Жыйнак кыргыздын музыкалык маданий чөйрөсүн чагылдырып, музыкалык орто жана жогорку окуу жайларынын окуучулары үчүн маанилүү.

- “Мен, эмгек текке кетпес деген ишенимде, көп убакыттан бери элдик күүлөрдү жана обондорду кылдаттык менен дептерге жазып чогултуп жүрдүм. Менин бактыма ушул тилегим отуз жылдан бери эми орундалууда. MegaCom компаниясы менин демилгемди толугу менен колдоп берди. Оозеки чыгармачылык – элдин байлыгы. Бул күүлөрдү жараткан көптөгөн обончулардын көзү өтүп кеткен, ал эми күүлөрү болсо муундан муунга берилип, авторлордун элестери түбөлүк обондорунда кала бермекчи”, - дейт А. Тыналиев.

Маалымат: 2012-жылдын 19-декабрында, Кыргыз мамлекеттик филармониясында, композитор Астар Тыналиевдин мааракесине карата, опералык театрдын белгилүү артисттеринин, “Камбаркан” фольклордук тобунун музыканттарынын катышуусунда концерт өтөт. Концерт саат 17:00дө башталат жана кирүү акысыз болот. Концерттин алдында бардык каалоочулар музыкалык жыйнактын ээси болууга мүмкүнчүлүк алышат.

Сунушталган кызматтар

  • «Чалуулардын деталдоосу»

    кызматы

  • «Даректөөгө тыюу салуу»

    кызматы

  • «Mega24» мобилдик тиркеме

    кызматы

  • Ишенимдүү төлөм

    кызматы