Перейти на новый сайт

MegaCom: майрамыңыздар менен кымбаттуу студенттер!

 
MegaCom: майрамыңыздар менен кымбаттуу студенттер!

17 ноябрь- студенттердин көптөн күткөн күнү – Студенттердин Эл аралык күнү. MegaCom компаниясы жаштыктын, шаттыктын майрамын белгилеп жаткан студенттерди куттуктайт!

Жаштардын катышуусу менен өткөрүлүүчү маанилүү конференциялар жана жолугушуулар өлкөнүн ири уюлдук операторунун колдоосу менен өтүп келүүдө. Дүйнө жүзүнүн миңдеген активдүү жаштарынын башын кошкон BarCamp Kyrgyzstan 2012, Кыргызстанда алгачкы жолу өткөрүлгөн Startup Weekend 2012 жыйындары MegaCom компаниясынын колдоосу менен өткөрүлүп, компаниянын жаштардын келечегине карата болгон кайдыгер эмес көз карашынан кабар берет.

Өлкөбүздүн жогорку окуу жайларынын студенттери эл аралык олимпиадаларга MegaComдун колдоосу менен активдүү катышууда. Маселен, 2012-жылы, Израилдеги Ариэль шаарындагы университеттин илимий борборунда өткөн ачык Эл аралык студенттердин интернет олимпиадасынын супер-финалына Кыргыз-Россия-Славян университетинин эки студенти Александр Литвак жана Медет Амракулов катыша алышты. Олимпиаданын коло медалынын ээси Александрдын айтуусунда, мындай таймаштар тажрыйба алмашуунун жана өнүгүүнүн стимулу боло алат.

- Келечек бүгүнкү күндөн башталат. Жаштарга колдоо көрсөтүү компаниянын ишмердүүлүгүнүн маанилүү багыты. MegaCom жаңы мүмкүнчүлүктөр убактысында келечекке жаштар менен шайкеш кадам таштоого умтулат! – деп белгиледи компаниянын корпоративдик байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси Жылдыз Мамытова.

MegaCom сапаттуу билим жана билимдүү жаштар үчүн.

Сунушталган кызматтар

  • «MIX үн порталы»

    кызматы

  • «SIM-картаны каттоо»

    кызматы

  • "Телефон кайда?"

    кызматы

  • «Роумингде балансымды толукта»

    кызматы