Перейти на новый сайт
MegaCom компаниясынын 9 айлык ишинин жыйынтыгы

MegaCom компаниясынын 9 айлык ишинин жыйынтыгы

2011-жылдан тарта өлкөбүздүн алдыңкы уюлдук оператору болгон MegaCom компаниясы иш-чаралары, соодадагы өсүүлөрү, ар бир квартал сайынкы кирешеси жана чыгымдары тууралуу маалымдап келүүдө. Мындан тышкары жыл санап абоненттери көбөйүп, байланыш базасы кеңейүүдө.

Салтка айлангандай MegaCom жакында да 2012-жылдын 9 айында соодадан түшкөн пайдасы жана салыкка которгон төлөмдөрү тууралуу аудит текшерүүсүнө чейинки маалыматын ачыкка чыгарууда. Ага ылайык үстүбүздөгү жылдын январь айынан сентябрь айына чейинки аралыкта уюлдук оператордун соодадагы жалпы кирешеси 5 млрд. 701 млн. сомго жеткен.

Бул көрсөткүч өткөн жылдын 9 айына салыштырмалуу 13%, ал эми 2010-жылдын 9 айына салыштырмалуу 36% пайызга жогору. Компанияга түшкөн киреше 2010-жылдын 9 айында орточо эсеп менен ай сайын 466 млн. сомду түзгөн болсо, 2011-жылдын 9 ай аралыгында ай сайын 560 млн. сом болгон. Ал эми үстүбүздөгү 2012-жылда январь-сентябрь айлары аралыгында ар бир айдагы көрсөткүч орточо эсеп менен 633 млн. сомго жеткен.

Уюлдук компаниянын түшкөн акча боюнча өзгөрүүлөрүнүн динамикасы төмөндө көрсөтүлгөн:

Албетте “аракет кылсаң берекет” деген кыргызда жакшы сөз бар эмеспи. Анын сыңары MegaCom жыл сайын, керек болсо ай сайын ийгиликтин жаңы тепкичине көтөрүлүүдө десек аша чаппайбыз. MegaCom уюлдук операторунун чыгашалары эсептелген соң, компанияга арткан таза пайдасынын аудит текшерүүсүнө чейинки суммасы 2012-жылдын 9 айында болжол менен 2 млрд. 161 млн. сомго жеткен. Бул деген 2011-жылдын жарым жылдык көрсөткүчүнө салыштырмалуу 28%га, ал эми 2010-жылдагы көрсөткүчтөн 438%га жогору дегенди айгинелейт.

     

Компаниянын иши канчалык илгерилесе өлкөбүздүн казынасына ошончолук салым болоору айдан ачык. Бул жагынан алсак, MegaCom үстүбөздөгү жылдын 9 айында мамлекеттик казынага 1 млрд. 98 млн. сом салык төлөгөн. Салыктын көлөмү 2011-жылдагыга салыштырмалуу 4%га жана 2010-жылга салыштырмалуу 116%га жогорулаган. Жогорудагы сумма мамлекеттик казынанын бөксө чөнтөгүн толтурбаса дагы, бир топ эле жардам болот десек жаңылышпайбыз. Кези келгенде аталган компания өз алдынча да карапайым калкка бир топ эле жардамдарды берип жүргөнүнө бардыгыбыз эле күбө болуудабыз.

MegaCom компаниясы 2012-жылдын тогуз ай аралыгында жабдууларын жаңыртып, абоненттерге сапаттуу байланышты камсыздоо үчүн кызуу аракеттерди көрүлдү. Жыл башында Бишкек, Чүй, андан соң Ысык-Көл облусуна курорттук сезон учурунда 3G үчүнчү муундагы заманбап байланыш түйүнү орнотулган. Учурда Кыргызстандын башка аймактарында үчүнчү муундагы байланышты киргизүү иштери жүзөгө ашырылууда.

Сунушталган кызматтар

  • «Балдар кайда?»

    кызматы

  • «I’m OK»

    кызматы

    im OK 1
  • «Кыска SMS номурларга тыюу салуу» жана «Кыска IVR номурларга тыюу салуу»

    кызматы

  • «Балдарга» жана «Китеп» порталдары

    кызматы