MegaCom маалымдайт
Урматтуу абоненттер! Байланыш сапатын жогорулатуу максатындагы техникалык жабдууларды жакшыртуу жумуштарын жүргүзүүгө байланыштуу (үн трафиги, SMS, MMS - билдирүүлөр, GPRS жана 3G ылдамдыгын жогорулатуу) бүгүн, 28-августта, төмөнкү аймактарда тармактын иштөөсүндөгү убактылуу мүчүлүштүктөр болушу күтүлүүдө:
- Жалал-Абад областынын Киров айылынын “Ырыс” айыл өкмөтү жана Сузак шаары жайгашкан аймактары;
- Жалал-Абад шаарындагы Абдурахманов, Бакиев жана Осмонов көчөлөрүнүн аймагы;
- Ош шаарындагы ЖКЭИнин аймагы;
- Чүй областынын Ак-Бекет айылы жайгашкан аймак камтылат.
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.
Урматтоо менен, MegaCom компаниясы