Перейти на новый сайт

MegaCom Samsung Galaxy S III телефонунун наркынын төмөндөгөндүгү тууралуу маалымдайт

MegaCom Samsung Galaxy S III телефонунун наркынын төмөндөгөндүгү тууралуу маалымдайт

Июндун башында MegaCom компаниясынын Абоненттерди тейлөө жана сатуу борборлорунун баардыгына Samsung Galaxy S III жаңы смартфону сатыкка түшкөн.

          

Эми жаңы, көп функционалдуу смартфон мурдагыдан да жеткиликтүү болуп калды. MegaCom компаниясынын Абоненттерди тейлөө жана сатуу борборлорунун баардыгында уникалдуу Samsung Galaxy S III смартфонунун баасы болгону 30 900 сомду түзөт. Бүгүнкү күндө, MegaCom компаниясы сунуштаган телефон аппаратын сатып алууда, Сиз 3000 Мб акысыз интернет-трафиктен турган бонустук топтомду жана “Тунук” Тарифтик планын камтыган күмүш номерди белекке аласыз!

Samsung GALAXY S III смартфону Android 4.0 Ice Cream Sandwich операциялык тутумунун башкаруусунда иштейт. Смартфон тыкан түзүлүшү жана жагымдуу көрүнүшү менен көргөн адамдын көңүлүн өзүнө бурат. Galaxy S III чалуулар үчүн гана колдонулбастан, Интернетти активдүү пайдалангандар үчүн да мыкты жардамчы боло алат. Аппарат жогорку сапаттагы видео чалууларды аткарууга жол ачып, үчүнчү муун тармагын (3G) колдойт.

Samsung Galaxy S III смартфону аны башка девайстардан айырмалаган көптөгөн артыкчылыктарга ээ. Samsung Galaxy S III — Android-түзмөктөрүнүн жана жалпысынан заманбап коммуникаторлордун этаптуу эволюциялык өнүгүүсүнүн натыйжасы. MegaCom компаниясы кызматтардын түрүн сунуштоо менен ар дайым өзүнүн абоненттеринин каалоолоруна шайкеш кадам таштоого умтулат”, — деп түшүндүрдү, компаниянын Башкы директорунун милдетин аткаруучу Азамат Урбаев.

MegaCom компаниясынын Абоненттерди тейлөө жана сатуу борборлорунан Samsung түркүмүнүн телефондорун сатып алуу менен, Сиз бир жыл бою Samsung расмий сервис-борборлорунун кепилдик тейлөөсүнөн пайдалана аласыз. MegaCom компаниясы тарабынган сатыкка коюлган телефондор, КРдин аймагында колдонуу үчүн, расмий жана тастыкталган товар болуп эсептелет.

MegaCom компаниясынын эксклюзивдүү сунушун эсиңизден чыгарбаңыз!

Сунушталган кызматтар

  • «Mega USSD»

    кызматы

  • «I’m OK»

    кызматы

    im OK 1
  • «Онлайн роуминг» топтомдору

    кызматы

  • Сервистик жана шашылыш кызматтар

    кызматы