Перейти на новый сайт

MegaCom: Талас областынын мектептеринде 6 компьютердик класс ачылды

MegaCom: Талас областынын мектептеринде 6 компьютердик класс ачылды

MegaCom компаниясынын “Mega Билим” жеке билим берүү долбоорунун алкагында, эми Талас областындагы 6 мектептин компьютердик класстары заманбап компьютерлер менен жабдылды, булар: Балбал атындагы мектеби, Карасуу айылынын Айтпаев атындагы мектеби, Үч-Эмчек айылынын К.Каимов атындагы мектеби, Кең-Арал айылынын А.Арыстанов орто мектеби, Көк-Ой айылынын Т.Кушчубекова атындагы мектеби жана Бакай-Ата айылынын В.И.Ленин атындагы мектеби.

Өсүп келе жаткан жаш муунга компьютердик жөндөмдөрдү өздөштүрүү үчүн шарт түзүлүүсү керек. Улуттук уюлдук оператордун билим берүү тармагынын көйгөйлүү маселелерин чечүүгө кошкон салымы мактоого татырлык”, - дейт MegaCom компаниясынын Башкы директорунун милдетин аткаруучу Азамат Урбаев.

MegaCom компаниясы “Mega Билим” долбоорунун алкагында жаңы окуу жылдын башына карата алыстагы айыл мектептеринин көпчүлүгүн компьютерлер менен камсыздоону пландаштырууда. Мындан тышкары, тандалган айыл мектептеринин информатика мугалимдеринин адистик деңгээлин жогорулатуу үчүн беш күндүк окутуулар жүргүзүлүп турмакчы.

                    

Жалпысынан республиканын 143 мектебине көмөк көрсөтүү пландалууда. Мектептерди тандоо комиссия аркылуу «Кут билим» гезитинде жана www.megacom.kg компаниянын расмий сайтында көрсөтүлгөн атайын критерийлер боюнча жүргүзүлөт. Долбоор алкагында мектептерге программалык жабдуулары менен компьютердик класстарды ачуу жана айыл мектептерин интернет желесине кошуу каралган.

Эскерте кетели, аталган долбоордун ишке киргизилишине өлкөбүздүн алдыңкы байланыш операторунун кымбат баалуу баннердик жарнактан баш тартуусу түрткү болгон. Натыйжада үнөмдөлгөн каражаттар айыл мектептерин заманбап компьютерлер менен жабдууга сарпталып , жаш жеткинчектерге билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган.

Маалымат технологиялар кылымында өсүп келе жаткан муун мезгилге шайкеш кадам таштоосу талапка ылайык, MegaCom компаниясы келечек муунга бул мүмкүнчүлүктү тартуулайт.

Жаш жеткинчектердин билим алуусу MegaCom менен!

Сунушталган кызматтар

  • «Тыным»

    кызматы

  • «Телефон чал!»

    кызматы

  • «IP Байланыш»

    кызматы

  • «Жакын адамдар»

    кызматы