Перейти на новый сайт

MegaCom Samsung Galaxy S III телефонунун бет ачар аземинин алкагында өткөрүлгөн он-лайн викторинасынын жыйынтыгын чыгарат

MegaCom Samsung Galaxy S III телефонунун бет ачар аземинин алкагында өткөрүлгөн он-лайн викторинасынын жыйынтыгын чыгарат

Жакында, борбордук Башкыпочтампттын жанында жайгашкан мунар сааттын алдында көптөн бери күтүлгөн Samsung Galaxy S III жаңы смартфонунун бет ачар аземи болуп өттү. “2012-жылдын эң күтүлгөн мобилдик аппаратынын, Samsung флагманынын, Galaxy S түркүмүндөгү үчүнчү моделинин — Samsung Galaxy S III телефонунун, бүгүнкү бет ачар аземинде сиздерди көрүүгө абдан кубанычтабыз”, - деп баштады, MegaCom компаниясынын башкы директорунун биринчи орун басары Арстанбек Кадырбеков. “Санарип технологияларынын жана санариптик конвергенция боюнча бүткүл дүйнөдөгү лидер болгон Samsung Electronics компаниясы, жаңы муундун инновациялык үзүрү – Сиз үчүн ойлонгон, Samsung Galaxy S III акылдуу смартфонун кыргызстандын рыногуна сунуштайт” – деп бөлүштү, Samsung Electronics компаниясынын өкүлү Жей Ким.

    

Бет ачар алкагында MegaCom жана Samsung Electronics компанияларынан баалуу белектер – Samsung GT-P6200 Galaxy Tab 7.0 Plus планшети жана Samsung GT-N7000 Galaxy Note ойнотулду. Баардыгынан мобилдүү жана оперативдүү болгон, он-лайн викторинанын жеңүүчүлөрү Алина Алымкулова жана Вероника Юрченко, өзүнүн активдүүлүгү менен байгелердин бактылуу ээлери болуп табылды. Кыздар MegaCom компаниясы жөнүндөгү купуя суроолорго ылдам жана туура жоопторду бере алышты.

Он-лайн викторинада twitter социалдык тармагынын көптөгөн пайдалануучулары катышты. Он-лайн викторинанын эң активдүү катышуучулары дагы, иш-чаранын уюштуруучулары MegaCom жана Samsung Electronics компанияларынын азем белектерисиз калышкан жок. Бет ачарда ар бир катышуучу жаңы муундагы смартфон менен жеке таанышуу, аппараттын бардык функцияларын көрүү жана сынактан өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Ал эми кыргыз эстрада жылдыздары Мирбек Атабеков жана Омар меймандардын көңүлүн көтөрсө, “Мен – бийчи” долбоорунун жеңичүүлөрү бет ачар аземинин катышуучуларын жандыра турган бийлери менен кубандырды.

    

Бишкек менен катарлаш, Samsung Galaxy S III жаңы смартфонунун бет ачары Ош шаарында өттү. Ал жерде дагы азем белектерден тышкары, эки супер заманбап девайс - Samsung Galaxy Tab жана Samsung Galaxy Note ойнотулду. MegaCom компаниясы Ош шаарындагы конкурстун жеңичүүлөрү, баалуу белектердин бактылуу ээлерин – Тимур Расуловду жана Эрмек Алыкуловду жеңиш менен куттуктайт!

Жаңы мүмкүнчүлүктөр дүйнөсүн өзүңүзгө ачып, MegaCom менен мобилдүү жана коммуникабелдүү болуңуз!

 

Сунушталган кызматтар

  • Автомаалымдоо

    кызматы

  • «4 тил»

    кызматы

  • Мегажөнөтмө

    кызматы

  • MegaCom Wi-Fi (КМТУ)

    кызматы