Перейти на новый сайт

Google+ жана «ВКонтакте» социалдык тармактарындагы баарлашуу MegaCom менен мурдагыдан да ыңгайлуу болуп калды.

Google+ жана «ВКонтакте» социалдык тармактарындагы баарлашуу MegaCom менен мурдагыдан да ыңгайлуу болуп калды.

Эми досторуңуз менен байланышта болуу жеңил болуп калды. «SMS2Вконтакте жана Вконтакте2SMS» жана «SMS2Google+ жана Google+2SMS» жаңы кызматынын жардамы менен MegaCom уюлдук операторунун абоненттери «ВКонтакте» жана Google+ социалдык тармактарында баарлаша алышат.

Аталган кызмат дубалга жазуу, жеке билдирүүлөргө жооп берүү, окуялар тууралуу билдирмелерди алуу, мындан тышкары SMS жөнөтүү аркылуу түшүндүрмөлөргө өз макулдугун билдирип жана чечмелеп, толуктоолорду киргизет. Опция баардык тарифтик пландардын абоненттери үчүн жеткиликтүү. Кошулуунун жана тарифтөөнүн шарттары менен Сиз компаниянын www.megacom.kg сайтынан таанышсаңыз болот.

Аталган кызматты кошуу акысыз, абоненттик төлөмсүз. Кыска сервистик номерлерге бир SMS билдирүүнү жөнөтүү абоненттин тарифтик планына, кошулган тарифтик опциясына жараша ички тармактык чыгыш билдирүү катары тарифтелет.

«ВКонтакте» – адамдарды издөө жана коммуникация үчүн универсалдык каражат, - деп айтылат күнүнө ондогон миллион адам пайдаланган Рунеттеги ири социалдык тармактын башкы бетинде. Google+ тармагынын негизин түзгөн принциптер : колдонуучулар, жекелиги жана жандуу баарлашуу. Социалдык тармактардын мүмкүнчүлүктөрү Сизге Сиз качандыр бир кезде чогуу окуган, эс алган жана чогуу иштеген тааныштарыңызды таап, Сиздин айланаңыздагы сизди курчаган адамдар тууралуу көбүрөөк билип жана дагы жаңы досторду табууга жол ачат.

MegaCom тармагынын көмөгү менен сиз бүткүл дүйнө менен байланышта болосуз!

 

Сунушталган кызматтар

  • Онлайн-кинотеатр Этномедиа

    кызматы

  • «Сиздин мобилдик эсебиңиз»

    кызматы

  • «Роумингде шартсыз каттоо»

    кызматы

  • MegaCom Wi-Fi

    кызматы