Перейти на новый сайт

MegaCom «Mega Клуб» акциясынын алгачкы жыйынтыктарын чыгарууда

MegaCom «Mega Клуб» акциясынын алгачкы жыйынтыктарын чыгарууда

MegaCom уюлдук оператору республиканын баардык аймактарында жана Бишкек шаарында болуп жаткан дилердик жыйындарда Mega Клуб» акциясынын жыйынтыктарын чыгарууну баштады. Өнөктөштөр менен жолугушууларда, MegaCom компаниясынын сатыктар боюнча директору Нурлан Даминов тарифтик пландарга, кошумча кызматтарга, опцияларга, өнөктөштүктүн шарттарына токтолуу менен компаниянын презентациясын өткөрүүдө.

«Mega Клуб» акциясы өлкөбүздөгү 2,5 миллиондон ашуун абоненттерибизди тейлөөдөгү ыңгайлуулуктар үчүн иштелип чыгып жана жүзөгө ашырылууда. Байланыш оператору үчүн ар бир абонент баалуу, компаниянын алгылыктуу милдеттеринин бири-абоненттердин сапаттуу байланыш кызматына болгон муктаждыгын камсыз кылуу.

«Mega Клуб» акциясынын шарттарына ылайык, соода түйүндөрүнүн, брендделген салондордун жана MegaCom экспресс-борборлордун (МЭБ) мыкты сатуучулары үчүн атайын бонустар тартуу кылынат,алар фирмалык азембелек продукциялары түрүндө болуп, баш байге-Бириккен Араб Эмираттарына туристтик жолдомо болмокчу. Уюлдук компаниянын мыкты дилерлерине “2012-жылдын активдүү сатуучусу” сертификаты тапшырылат.

«Mega Клуб» соода акциясы катышуунун эң жөнөкөй эрежесинин , жекече мамиленин жана сыйлоонун жөнөкөй шарттарынын болгондугу менен кызыктуу. Алдыңкы мобилдик оператор дилерлерди ийгиликтүү жана тынымсыз өнүгүп жаткан компаниянын бир бөлүгү болууга чакырат. Албетте, 555 ынтымактуу тобун ийгилик гана коштойт! Аталган долбоор жөнүндө толук маалымат менен компаниянын www.megacom.kg расмий сайтынан таанышсаңыз болот.

Сунушталган кызматтар

  • «Туулган күнгө белек»

    кызматы

  • «Абадагы байланыш»

    кызматы

  • «Ачык эсеп. Эскертүү чеги»

    кызматы

  • «4G Wi-Fi Wingle MegaCom»

    кызматы