Перейти на новый сайт

Роумингдеги абоненттер үчүн маалымат

Тарифтөөнүн шарттары, K’Cell тармагында SIM-картаны калыбына келтирүү, роуминг өнөктөрдүн байланыш кызматы

Өнөктөш-операторлордун тармагында MEGA'дан роумингде болгон кардарлары үчүн эң актуалдуу жана керектүү маалымат. Балансты кантип толуктоо? Чалуулардын роумингдеги тарифтөөсү? Кантип туура чалуу аткаруу? Роумингде SIM-картаны кантип калыбына келтирүү?

 

.
  • Сүрөттөлүшү
  • Наркы жана тарифтөөсү
  • Эрежелер жана чектөөлөр

Роумингде балансты толуктоо

  • Роумингде Сиз балансыңызды алдын-ала төлөм картасынын (АТК) жардамы менен толуктай аласыз. Бул үчүн сапарга жөнөгөндө өзүңүз менен (АТК) алып алсаңыз болот. Толуктоо үчүн *555*картанын кодун# терип Чакыруу басмагын басуу керек.
  • 555 номуруна АТКнын кодун камтыган SMS-билдирүүнү жөнөтүү менен балансыңызды толуктай аласыз ( «Алдын ала төлөнүүчү роуминг» кызматы кошулган болсо кыска номурга SMS-билдирүү жөнөтүү жеткиликтүү болбойт). Бул учурда SMS-билдирүү жүргөн өлкөдөгү чыккан SMS-билдирүүнүн наркы боюнча тарифтелет.
  • Жүргөн өлкөнүн каалаган банкында акча каражаттарын которуу жолу менен балансты толуктоого болот (банктык которуу жолу менен балансты толуктоо тууралуу бул жерден билүүгө болот.
  • Кыргызстанда жүргөн жакындарыңыздын, досторуңуздун же тааныштарыңыздын жардамы менен балансты толуктоо (Кыргызстанда блансты толуктоо жолдору тууралуу толугураак маалымат бул жерде жайгаштырылган)
     

Роумингдеги чалууларды тарифтөө

Роумингде аткарылган бардык чалуулар, толук мүнөткө чейин көбөйүү тарабына тегеректөө менен мүнөтүнө тарифтелет

Кирген чалуулар
Роумингдеги бардык кирген чалуулар үчүн акы төлөнөт. Узактыгы 3 секундадан аз болгон кирген чалуулар тарифтелбейт. Чалуулар үчүн төлөм эл аралык роумингдин тарифтерине жана шарттарына ылайык жүргүзүлөт. Сиздин уюлдук телефонуңузга чалып жаткан абонент үчүн чалуу эл аралык болуп эсептелбейт жана кадимки чалуунун тарифи боюнча бааланат.

Чыккан чалуулар
Чыккан чалуулардын төлөмү абонент тарабынан ар бир өлкө үчүн өзүнчө белгиленген тарифтерге ылайык жүргүзүлөт. Тарифтер Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында (сом) салыктардын бардыгын эсепке алуу менен көрсөтүлөт.

Номурду терүүнүн тартиби
Роумингде номурду эл аралык форматта «+» белгиси аркылуу + [өлкөнүн коду] [тармактын коду] [абоненттин номуру] форматында терүү зарыл.
Мисалы: 0555123456 номурлуу MEGA абонентине чалуу аткарган учурда номур +996555123456 форматында же 0312123456 номурлуу абонентине чалуу аткарган учурда номур +996312123456 форматында терилет.

SMS билдирүү жөнөтүүдө кабыл алуучунун номурун эл аралык форматта «+» белгиси аркылуу + [өлкөнүн коду] [тармактын коду] [ абоненттин коду] форматында терүү зарыл.

Мисалы: 0555123456 номуруна SMS билдирүү жөнөтүү үчүн номурду +996555123456 форматында терүү керек.
 

«K’Cell (Казакстан) тармагында SIM-картаны калыбына келтирүү» кызматы

«Роумингде SIM-картаны калыбына келтирүү» кызматы Сизге K’Cell (Казакстан) операторунун тармагында бузулган же жоголгон MEGA SIM-картасын калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн тартуулайт.

Роумингде SIM-картаны калыбына келтирүү

0.0
Сом.

Казакстанда MEGA SIM-картасын калыбына келтирүү үчүн Алматы ш., Самал кичирайону 2, үй №100 дареги боюнча жайгашкан K’Cell операторунун кеңсесине кайрылууга болот:

Абонент K’Cell (Казакстан) тейлөө борборунда накталай төлөм жүргүзө албайт. Кызмат үчүн акы MEGA жана K’Cell операторлорунун адистери тарабынан билдирме катталып жана иштелип чыккандан кийин абоненттин балансынан алынат.

Туура эмес тарифтөөнүн алдын алуу үчүн,  роумингге чыгаар алдында кайра даректөө базасында иштеген бардык кызматтарды, жана да телефон аппаратындагы  кол түрүндөгү кайра даректөөнү өчүрүү сунушталат.

Роуминг- өнөктөштөрдүн байланыш борборлору

Роумингде абонент өзү катталган мейман тармактын (жергиликтүү байланыш операторунун) байланыш борборуна чалуу мүмкүнчүлүгүнө ээ

Өлкө Оператор MEGA абоненттери үчүн байланыш борборлорунун номурлары
Азербайджан Azerfon LLC *777
Улуу Британия Vodafone Limited 118899
Германия T-Mobile Deutschland GmbH 2202
Германия E-Plus Mobilfunk GmbH 491771771000
Испания France Telecom Espana, S.A. (Orange España) 470
Казахстан Kcell JSC (GSM Kazakhstan LLP OAO) 9090
Казахстан KaR-Tel LLC 87273500606
Казахстан Mobile Telecom Service LLP (Tele2) 611
Кытай China United Network Communications Corporation Ltd/China Unicom Ltd 10010, 10018, 10019
БАЭ Emirates Telecommunications Corporation (Etisalat) 101
БАЭ Emirates Integrated Telecommunications Company PJSC 155
Орусия NWGSM (RUSNW) 0500
Орусия VimpelCom (RUSBD) 0511
Орусия Mobile TeleSystems (RUS01) 0890
АКШ AT&T Mobility LLC (USACG) 611
Таджикистан Indigo Tajikistan, CJSC 992935050000
Таджикистан CJSC Babilon-Mobile 2006
Түркия TURKCELL ILETISIM HIZMETLERI AS 905325320000
Түркия Vodafone Telekomunikasyon A.S. 905424440542
Өзбекистан UNITEL LLC 998901850055
Өзбекистан FE COSCOM LLC 998931800000
Украина Kyivstar GSM 3911
Франция Bouygues Telecom 614
Түштүк Корея KT Corporation KORKF 1583

Байланыш борборуна аткарылган чалуу жүргөн өлкөдөгү чыккан чалуу катары тарифтелет.

Шашылыш чалуулардын тизмеси

Өлкө Оператор MEGA абоненттери үчүн шашылыш кызматтардын номурлары
Азербайджан Azerfon LLC 112, 101, 102, 103, 104
Улуу Британия Vodafone Limited 112, 999
Германия T-Mobile Deutschland GmbH. 112
Германия E-Plus Mobilfunk GmbH 112, 110
Грузия Magticom Ltd. 112, 01, 02, 03, 04
Испания France Telecom Espana, S.A. (Orange España) 112
Италия Telecom Italia S.p.A. 112
Казахстан Kcell JSC (GSM Kazakhstan LLP OAO) 112, 101, 102, 103, 104
Казахстан KaR-Tel LLC 112
Казахстан Mobile Telecom Service LLP (Tele2) 101, 102, 103, 104
Кытай China United Network Communications Corporation Ltd/China Unicom Ltd 110, 119, 120
БАЭ Emirates Telecommunications Corporation (Etisalat) 112
БАЭ Emirates Integrated Telecommunications Company PJSC 112
Орусия NWGSM (RUSNW) 112, 01, 02, 03, 04
Орусия VimpelCom (RUSBD) 112, 01, 02, 03, 04
Орусия Mobile TeleSystems (RUS01) 112, 101, 102, 103, 104
Орусия Tele2Russia Telecom 112, 01, 02, 03
АКШ AT&T Mobility LLC (USACG) 112, 911
Таджикистан Indigo Tajikistan, CJSC 112
Таджикистан CJSC Babilon-Mobile 112, 101, 102, 103
Түркия TURKCELL ILETISIM HIZMETLERI AS 112
Түркия Vodafone Telekomunikasyon A.S. 112
Өзбекистан UNITEL LLC 112
Өзбекистан FE COSCOM LLC 010, 020, 030, 040
Украина Kyivstar GSM 112, 101, 102, 103, 104
Франция Bouygues Telecom 112
Түштүк Корея KT Corporation KORKF 112

Шашылыш кызматтардын номурларына чалуулар MEGA абоненттери үчүн акысыз.


Сунушталган кызматтар

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы