Перейти на новый сайт


«Куратордун жеке кабинети»

Корпоративдик номурларды бир басуу менен башкаруу
  • Сүрөттөлүшү

«Куратордун жеке кабинети» онлайн-сервиси корпоративдик топтордун жетекчилери үчүн атайын иштелип чыккан. Алардын жумушун колдон келишинче жөнөкөй  жана ыкчам кылууга багытталган. Эми корпоративдик топтун номурларынын мүмкүнчүлүктөрүн башкаруу  оңой болуп калды. Эң башкысы кызмат акысыз көрсөтүлөт!

 

Бир басуу менен төмөндөгү аракеттерди көз ачып - жумгуча аткара аласыз:

  • кошумча кызматтарды кошууга жана өчүрүүгөбилдирме калтыруу;
  • абоненттик номурларды бөгөттөө жана бөгөттөн чыгаруу;
  • жеке эсептериңиз боюнча маалымат алуу;
  • ар бир абоненттик номурда кошулган кызматтардын, топтомдордун жана тарифтикопциялардын тизмеси менен таанышуу;
  • топтомдордун жана тарифтик опциялардынкалдыктарын көрүү;
  • активдүү кызматтарды жана тарифтик опцияларды өчүрүү;
  • «Кайтарым байланыш» бөлүмү аркылуу кайрылуу калтыруу жана башкалар.

 

Сурамдарыңыздын Корпоративдик жана VIP кардарлар менен иш алып баруу бөлүмү, Сатуу жана абоненттерди тейлөө бөлүмү тарабынан  иштелип чыгуусун же Байланыш борборунун адисинин жообун күтүүнүн зарылчылыгы жок.  «Куратордун жеке кабинети» аркылуу эсебиңизде канча сумма калгандыгын, канча каражат сарпталгандыгын билсеңиз болот.

Өзүн-өзү тейлөө сервисинен колдонуу үчүн Корпоративдик жана VIP кардарлар бөлүмүнө кайрылып кураторуңуз менен кошумча макулдашуу түзүү жетиштүү.


Сунушталган кызматтар

  • Пауза

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы