Перейти на новый сайт


Мобилдик сабаттуулук сабактары

Мобилдик сабаттуулук сабактары

Бүгүнкү күндө, мектеп окуучуларынын басымдуу бөлүгү мобилдик телефондордун, смартфондордун жана планшеттердин пайдалануучусу болуп келет. Интернет желесинде залал алып келүүчү жана алдамчылыкка багытталган контент көп болгондугу шексиз. Келечек муунду аталган контенттен сактоо, мобилдик телефондон туура пайдалануу, мобилдик шылуундуктун алдын алуу, мобилдик этикет жана уюлдук байланыштын иштөө принциптери менен тааныштыруу максатында, MegaCom уюлдук операторунун тапшырыгы боюнча атайын мультфильм тартылган.


«Акылбектин жана Билимбектин кызыктуу окуялары» мультсериалы

MegaCom компаниясы, социалдык жоопкерчиликтүү ишкерлик алкагында өз абоненттерин коргоо максатында, калк арасында мобилдик сабаттуулук сабактарын өткөрүп келет. Оператордун адистери мобилдик сабаттуулук сабактарын өтүү максатында өлкөбүздүн ЖОЖ студенттери жана буга чейин «Mega Билим» долбооруна кирген, алыскы аймактардагы 143 мектептин окуучулары менен жолугушууларды өткөрүшүүдө.

Файлды жүктөө