Перейти на новый сайт

Сырдуу Санта

MEGA менен бирге каалооңузду Сырдуу Сантага жөнөтүңүз же жакын адамыңыздын кыялын аткарыңыз

Көптөн күткөн белектериңизге Жаңы жылда ээ болууну кыялданып жатасызбы? Сыйкырга ишениңиз жана уникалдуу мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өзүңүздүн же айланаңыздагы адамдардын каалоолорунун аткарылышына жардам бериңиз!

Жаңы жылды утурлай, MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору «Сырдуу Санта» акысыз сервисин ишке киргизет.

5050 кыска номерине Жаңы Жылга карата каалооңуздун тексти жазылган SMS жөнөтүңүз. MEGA’нын каалаган абоненти Сырдуу Санта боло алат жана сиздин катты окуп, аны аткарууга аракет жасайт!

Мындан тышкары 5050 номерине жакындарыңыздын, досторуңуздун же кесиптештериңиздин номерин жөнөтүп (996ХХХxxxxxx же 0ХХХxxxxxx форматында) алардын жаңы жылга эмне каалап жатканын билсеңиз да болот.

Колдонуучуларга ыңгайлуу болушу үчүн «Сырдуу Санта» сервиси MEGA24 тиркемесиндеги «Акциялар» бөлүмүндө да жеткиликтүү. Сиз жакын адамдарыңыздын каалоолору жазылган карточкаларын көрө аласыз жана өзүңүздү Сантанын ролунда сынап көрсөңүз болот!

Айтмакчы, Сырдуу Санта (бир же нече) сиздин каалооңузду окугандан кийин, ошол замат сизге аны канча абонент аткаргысы келгендиги боюнча SMS-билдирүү келет.