Перейти на новый сайт


MegaCom – II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын Башкы демөөрчүсү

MegaCom компаниясы 2016-жылдын сентябр айынын 3нөн 8не чейин Ысык-Көл жээгинде болуп өткөн II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын Башкы демөөрчүсү болгону тууралуу сыймыктануу менен билдирет. Быйылкы жылы элдин назарын өзүнө бурган спорттун 26 түрү боюнча мелдештер, маданий-массалык иш-чаралар, кечки концерттер, дүйнө өлкөлөрүнүн этникалык жана элдик оюндары көрсөтүлдү.

Өзгөчө маданий иш чараны уюштурууга MegaCom компаниясы ар тараптуу жардамын көрсөттү. Техникалык адистер тарабынан тармактын сыйымдуулугун кеңейтүү максатында жаңы базалык станцияларды куруу иштери аткарылды, бул өз учурунда II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна келген катышуучуларга жана көп сандагы конокторго байланышта болуу мүмкүнчүлүгүн түздү.

Мындан тышкары MegaCom компаниясы улуттук колориттеги өзгөчө стилде жасалган коллекциялык SIM-карталарды чыгарды жана Nomad опциясын колдонууга сунуштады. Бул опция MegaCom түйүн ичинде жана көп чалуулар аткарылган эл аралык багыттар боюнча үнөмдүү байланышууга мүмкүнчүлүк түздү. Өлкөбүздүн алдыңкы мобилдик оператору кызыгууну жараткан мелдеште этноспорт - Көк бөрү боюнча Кыргызстандын курамасы жеңишке жеткен оюнундагы «Эң мыкты чабуулчу» номинациясынын жеңүүчүсүнө 100 000 сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыкты тапшырды.

«MegaCom бул эбегейсиз мааниге ээ болгон окуянын катышуучусу экенине кубанычта болгонун билдирет. Дүйнө жүзүнүн көчмөн элдеринин каада салттарын, үрп-адаттарын, маданий жана тарыхый баалуулуктарын сактоого жана жандандырууга багытталган Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюнун өткөрүүгө өлкөбүздүн мобилдик оператору катары экинчи жолу көмөк көрсөтүп келебиз. Бул иш чара көчмөн цивилизациясынын тиричилигин жана маданий баалуулуктарын дүйнө жүзүнө таанытат. Өзгөчө мааниге ээ болгон окуяларга жана иш чараларга колдоо көрсөтүү менен биз өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошуп келебиз», - деп белгилей кетти MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов.

Биринчи жолу 2014-жылы Ысык-Көлдүн жээгинде өткөн Бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр Оюну, бул Олимпиаданын өзгөчө аналогу деп айтууга болот. Ал оюндарга дүйнөнүн 19 мамлекетинен: Азербайжан, Австрия, Ооганстан, Белоруссия, Бразилия, Германия, Казакстан, Кыргызстан, Литва, Монголия, Орусия, АКШ, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан, Франция, Швеция жана Түштүк Кореянын спортчулары катышкан. 2016-жылы оюндарга катышуу үчүн дүйнөнүн 50дөн ашуун мамлекетинен спортчулар келген. Өлкөбүздүн намысын коргоого этноспорттун бардык түрү боюнча 200гө жакын спортчу катышты. Спортчулар өлкөбүз үчүн 79 медал: 25 алтын, 25 күмүш жана 29 коло байгеси менен жалпы медалдык эсепте биринчи орунду багындырышты. Байге фонду 400 миң АКШ долларын түзүп, 300дөн ашуун медал ойнотулду.