Перейти на новый сайт


«Mega Билим» билим берүү долбоору

                                                     

 

Долбоор 2014-жылы аяктаган.

MegaCom улуттук мобилдик оператору «Mega Билим» долбоорунун I этабын жыйынтыктады. Долбоор 2011-жылдын сентябрь айынан тарта иш жүзүнө ашырыла баштаган. Үстүбүздөгү жылдын август айында Ысык-Көл облусундагы Тору-Айгыр айылынын К.Эшенкулов атындагы орто мектебине, Манас атындагы №10, Ж. Бөкөнбаев атындагы №2 орто мектептерине компьютерлер орнотулган.

                         

«Mega Билим» билим берүү долбоорун ири бизнестин – MegaCom алдыңкы уюлдук байланыш операторунун корпоративдик социалдык жоопкерчилигинин алкагында ишке ашырган саамалыгы катары баалоого болот. Мурда болуп көрбөгөн мындай демилгени көтөрүү менен, компания өлкөнүн 143 мектебин компьютерлер менен камсыздап, мугалимдер жана окуучулар үчүн заманбап маалымат ресурстарынын жана Интернет дүйнөсүнө жол ачып берүүнү алдына максат кылып койгон. Эми алар USB-модем жана SIM–карта аркылуу аалам желесине саякаттай алышат. Долбоорго катышкан мектептердин бардыгы эркин базалык камсыздоодогу 7 компьютер жана атайын эмерек менен камсыз болушкан.

Долбоорго катышкан мектептердин тизмеси компаниянын расмий сайтында жайгаштырылган. «Mega Билим» долбоорунун II этабында «Mega Билим» кучагына алган мектептерди 7-9- класстар үчүн информатика жана маалымат технологиялар боюнча атайын иштелип чыккан усулдук колдонмолор менен камсыз кылуу мерчемделген. Өнөктөштөр менен биргеликте маалымат технологияларын өнүктүрүүгө байланышкан бир катар долбоорлорду колдоого алынган билим берүү мекемелерине өткөрүп берүү маселеси да каралууда.

Улуттук мобилдик оператору «Mega Билим» билим берүү долбоорун ишке ашыруу менен, өлкөдөгү билим берүү тармагына маалымат технологияларын жайылтууга өз салымын кошуп келет. Бул болсо, коомчулуктун көйгөйлөрүн чечүүгө, алыскы аймактардагы айылдардын, шаарчалардын тургундарын санарип технологиясынан толук кандуу пайдалануусуна көмөктөшүп, ар тараптуу өнүгүүсүн колдоого даяр экендигинен кабар берип турат.

 

MegaБилим долбооруна катышкан орто мектептердин тизмеси

 MegaБилим сүрөт галереясы