Перейти на новый сайт

MegaCom менен бирдикте күлкү майрамы

 

MegaCom менен бирдикте күлкү майрамы

19-декабрь күнү Спорт ордосунда оюндардын башкы өнөктөшү - MegaCom компаниясынын колдоосу алдында КВН оюндарынын Кышкы кубогу болуп өттү.

Катарына көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө айланган командалар жана жаш энтузиасттар кирген 17 команда көрүүчүлөргө өздөрүнүн жаңы жылдык номерлерин тартуулашты. Шайыр тамашалар, пародиялар жана миниатюралар менен алар көрүүчүлөрдү, ошондой эле калыстар топторун келе жаткан жаңы жылы менен куттуктоо менен бирдикте позитивдүү эмоцияларды тартуулады. Ал эми көрүүчүлөр өздөрүнүн сүйүктүү командаларын колдоого алышып, сүрөп турду, бул да болсо катышуучулардын көңүлдөрүнө түрткү берди.

Күч кубатын бир жерге бириктирүү менен «Сборная 312» жана «Веселый строитель» командалары жеңишке жетишишти. Экинчи орунга «ДНК» командасы ээлик кылса, үчүнчү орунду ИИМ академиясынын окуучуларынын «Очная ставка» командасы жеңип алды.

«Другая логика» командасы MegaCom компаниясынан «Команда-симпатия» номинациясын жеңип алды, аталган белекти компаниянын башкы директорунун биринчи орун басары Азат Базаркулов тапшырды. Мындан тышкары, көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө ээ болгон аталган жаш команда КВН оюндарынын Жогорку лигасына жолдомо алды.

Калыстар тобу өзгөчө көңүлүн «ДНК» командасынын – «Наша Таня громко плачет. Её муж больше не президент» деген тамашасына бурду.

Кеченин акырында КВН оюнчулары көрүүчүлөргө жаңы жылда жакшылыктарды каалап, келерки оюндарга келүүгө чакырып кетишти.

 

Сунушталган кызматтар

  • Астрология

    кызматы

  • «Досумдун эсебинен чалуу»

    кызматы

  • «ЗОЖ»

    кызматы

  • «Куткаруучу тегерек»

    кызматы