Перейти на новый сайт
MEGA Парижде болуп өткөн Олимпиада оюндарынын байге ээлерин жана катышуучуларын куттуктайт!

MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору Парижде болуп өткөн Олимпиада оюндарында  байгеге ээ болгон спортчуларыбызды  куттуктайт жана  ата мекендик спортту өнүктүрүүгө  кошкон баа жеткис салымы үчүн олимпиаданын бардык катышуучуларына терең ыраазычылык билдирет.

Олимпиаданын жыйынтыгында Кыргызстан  медалдардын / катышкан спортчулардын саны (катышы) боюнча дүйнөдө биринчи орунду ээледи. Франциянын борборуна республикабыздан 16 спортчу барып, анын ичинде  6 спортчу медалга ээ болушту.

Бул Олимпиада кыргыз спортунун тарыхындагы  эң ийгиликтүү олимпиадалардын болду десек жаңылышпайбыз. Кыргызстандын командасы 2 күмүш, анын ичинде бокс боюнча (биринчи жолу), жана 4 коло байгеге ээ болду. Грек-рим күрөшү боюнча курама команда Иран менен Кубадан кийинки эле катарда болуп, медалдык эсепте үчүнчү орунду ээледи. Биздин атлеттердин ийгиликтери келечек муундагы спортсмендерерине жана спорт ышкыбоздоруна үлгү боло алат. Бул жеңиштер жана талбаган  аракеттер эң жогорку чеберчиликти жана туруктуулукту көрсөттү.

Биз бул дүйнөлүк масштабдагы эбегейсиз иш-чаранын бир бөлүгү болгондугубуз менен  сыймыктанабыз. Тактап айтканда, MEGA “УТРК” жана “УТРК СПОРТ” телеканалдарынан Париждеги Олимпиада оюндарын көрсөтүүнүн расмий демөөрчүсү болду. Кошумчалай кетсек, кыргызстандыктар MegaTV мобилдик колдонмосу менен реалдуу убакыт режиминде смартфондору  аркылуу кызыктуу Олимпиада учурундагы   бүйүр кызыткан мелдештерди көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп. «MegaTV’нын аркасы менен Мунарбек Сейитбек уулунун бардык мушташтарын көрө алдым. Бала кезимден бери бокс менен машыгам, Олимпиада мен үчүн кызыктуу окуя болду. Мен дагы Кыргызстандын атынан эл аралык аренага чыксам деп кыялданам. MegaTV менен мен анын бир дагы беттешин өткөрүп жиберген жокмун жана бул мен үчүн абдан маанилүү!» – дейт бишкектик жаш спортчу Айбек Үсөнов.

Компания Кыргызстандын Франциядагы олимпиадалык делегациясын да акысыз байланыш менен камсыз кылган.

Эсиңиздерге сала кетсек, MEGA Олимпиада оюндарына байланыштуу кызыктуу конкурс уюштурган. Кызыктуусу, байгелеринин   саны  спортчуларыбыздын жеңиштерине жараша болмок. Ошентип, эртең биз 2 Huawei GT4 саатын жана 4 даана Huawei FreeBuds 5i кулакчындарын ойнотобуз. Эң негизгиси, Олимпиада  − 2024 оюндарынын ийгиликтүү аяктагандыгынын урматына MEGA жаңы iPhone 15 телефонун ойнотот!

Катышыңыз, байге утуп алыңыз! Толук маалыматты бул жерден таба аласыз.

MEGA – ӨЗҮБҮЗДҮН  байланышты танда!

Сунушталган кызматтар

  • Алдын ала төлөө картасынын статусун текшерүү

    кызматы

  • «Интернет роуминг»

    кызматы

  • «IVR витрина»

    кызматы

    icon
  • «Тыным»

    кызматы