Перейти на новый сайт
Ретрого суктангандар


Ретрого суктангандар


- Сиздин шляпаңыз, сэр!..
- Кандай түстөгү боаны тандайсыз, айым? – булл таң калычтуу кеченин сыпайы ээлери меймандарды тосуп жатып, 30чу жылдардын аксессуарларын сунуш кылып жатышты.

Кылдаттык, өткүрлүк жана шаан-шөкөттүүлүк – MegaCom уюлдук оператору өзүнүн корпоративдик кардарларына тартуулаган кеченин үч негизги түсү мына ушундай болду. Кыргызстандын алдыңкы жана эң ийгиликтүү компанияларынын жетекчилери отузунчу жылдын стилинде уюшутурулган кечеге чакыруу билеттерин чын жүрөктөн кабыл алышты. Алдыда боло турган шоунун мазмунун элдин бүйүрүн кызытуу максатында көпкө чейин жашыруун кармалып турду.

Баса, мындай майрамды уюштуруу үчүн уюлдук компаниянын мыкты себеби бар эле – MegaCom аттуу чоң үй бүлөдө эки миң корпоративдик кардар чогулду! Бир жыл мурун бул цифра эки эсеге аз эле. Уюлдук оператордун эң жакын досторунун санынын эки эсе өсүшү – бардык командадын үзүрлүү иштешинин ийгиликтүү жыйынтыгы!

Кеченин алыпбаруучусу да меймандардын бүйүрүн кызытып, азыр меймандар бир нече кланга бөлүнөөрүн айтты. Кара кийинген меймандар пицца-магнаты «Пиццеррони» үй бүлөсүнө таандык болуп чугушту. Бул кландын негизги тарыхый ажайып нерсеси – легендарлуу Май токочтуу жасагандыгында эле. Ак түс – “Спагеттини” кланынын визиттик карточкасы болду, булар элдин кулагына “кесме илүүнүн” жогорку деңгээлдеги кайрымдуулук иши деп эсептешет. “Оливьели”, “Кутюрьоти” жана “Анериоли” кландары өзүлөрүнүн генеалогиялык өмүр баянынан бир нече кызыктуу эпизоддорду айтып беришип, меймандардын купулуна толушту.

Меймандар бири бирин көптөн бери таанып келишсе дагы, алып баруучу аларды жаңыдан тааныштырып чыкты. Себеби, бул меймандарды 30чу жылдардын тарыхын жакшы билгендигин сынамакка жасалган эле. Жыйырманчы кылымдын тарыхтарын эң мыкты билген меймандар белектер менен сыйланды.

Залдан чыгып бара жаткан меймандарга алып баруучу «Кан-кан», деп жарыялаганда, алар ошол замат ордуларына кайтып келишти. Татынакай айымдар жана алардын арасындагы жалгыз мырза ушунчалык жакшы бийлеп беришти дейсиң, залда отурган меймандар аларга кошулуп бийлеп жиберүүгө аз эле калышты.

Бийден кийин баалуу белектерди ойнотуу болду. Жеңүүчү лотереялык билеттердин ордуна сандар жазылган карталар боюнча табылды. Жыйынтыкта үч адам «платина» номерлеринин ээси болуп, ал эми кийинчерек дагы үч адам бизнес-классындагы уюлдук телефон жака «кооз» номерлүү SIM-карталарын алып кетти.

- Жалаң гана ийгиликке ишене бербестен, сыйкырдуу нерселерге да орун бериш керек! – деп жыйынтыктап, алыпбаруучу сахнага магиялык шоунун каармандарын чакырды. Жигиттер “колдун гана шыктуулугу, эч кандай көз боёмочулук жок” денег принципти колдонуп келишти. Акыркы номер көрүүчүлөрдүн эсинде көпкө калат окшойт, себеби иллюхионистре көрүүчүлөрдүн арасынан чыккан жигиттин шымынан аялдын кызгылтым ич кийимин сууруп чыгышты.

Программанын кульминацисы болуп, Никулин циркинин тарбиялануучулары, КМШ аймагын кыдырып, көрүүчүлөрдүн көңүлүн өзүнө бурган үйбүлөлүк «Мутурганчиктер» дуэти болду. Бул жаш балдар «Даңк мүнөтү» телеберүүсүнүн төрайымы Татьяна Толстаянын да жүрөгүн жибите алышты.

Кеченин жыйынтыгында коммерциялык директордун орун басары Жылдыз Караталова меймандарга арналган жылуу сөзөдрүн айта кетти. MegaCom жалпы жамааты бул кечеге бүт пейилин коюп, кылдат даярданып келди. Дүркүрөгүн кол чабуулардан кийин меймандар террасага чыгып, майрамдык фейерверкти көрүштү.

…Меймандарды бири дагы куру кол кетишкен жок. MegaCom компаниясынан тарууталган саат өзүндө терең символиканы камтып турду. “Убакыт байкалбай өтөт. Ошондуктан өз келечегиңди тандоого үлгүр».


555 Командасы. Бардыгы-өз адамдар!

Сунушталган кызматтар

  • Онлайн-кинотеатр Этномедиа

    кызматы

  • «Чакыруунун дарегин жаңыртуу»

    кызматы

  • «Ата-Эне көзөмөлү»

    кызматы

  • Астрология

    кызматы