Перейти на новый сайт

MEGA – Париждеги Олимпиада оюндарын көрсөтүүнүн расмий демөөрчүсү!

Спорт күйөрмандары үчүн сонун кабарыбыз бар! Эми кыргызстандык көрүүчүлөр да төрт жылда бир болчу негизги спорттук иш-чараны миллиондогон дүйнөлүк аудитория менен чогуу көрө алышат! MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору Париждеги 33-жайкы Олимпиада оюндарын “УТРК” жана “УТРК спорт” телеканалдарынан көрсөтүүнүн расмий демөөрчүсү болду.

2024-жылкы Олимпиада 26-июлдан 11-августка чейин Франциянын борборунда өтөт. Кыргызстандын атынан күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс сыяктуу спорттун түрлөрү боюнча өлкөбүздүн намысын 16 спортчу коргойт.

“Олимпиада – бул дүйнөдөгү эң негизги спорттук иш-чара болуп саналат, ага дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдар, анын ичинде биздин өлкөнүн эли да көз салып турушат. Кыргызстандык көрүүчүлөр спортчуларыбыздын оюнуна күбө болуп, алардын мыкты даярдыгын, өнөрүн көрө алаары бизди кубандырат. Бул баарыбыз үчүн чоң сыймык жана кубаныч”, - деп белгиледи компания.

MEGA ири турнирлерди, чемпионаттарды, матчтарды жана бүйүрдү кызыткан эл аралык спорттук иш-чараларды түз көрсөтүүнү үзгүлтүксүз колдоп келатат, себеби Кыргызстанда спортту колдоо жана жайылтуу компаниянын негизги артыкчылыктарынын бири болуп саналат.

Олимпиада оюндары – бул эбегейсиз ири спорттук аренада өлкөбүздүн намысын коргой турган баатырларыбызды – спортчуларды сүрөп, аларга колдоо көрсөтчү учур.

Олимпиаданы түз ободо көрүп, ар бир баскычта спортчуларыбыз менен бирге болуңуз.

Спортчуларыбызды MEGA менен чогуу сүрөйлү!

 

 

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Где дети?»

  • Услуга

    «Амедиатека»

  • Услуга

    Планер

  • Услуга

    «Ищу тебя»