Акцияларынын 100% КР Мамлекеттик өнүктүрүү банкына таандык болгон MEGA компаниясынын уникалдуу функционалдуулугу менен айырмаланган MegaKassa контролдук-кассалык машиналарынын жаңычыл сервиси эми iOS колдонуучулары үчүн жеткиликтүү.
MegaKassa – 2020-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын талаптарына ылайык салык органдарына маалыматтарды онлайн-режиминде берүүнү камсыз кылган жөнөкөйлөштүрүлгөн салык режими үчүн ыңгайлуу шайман болуп саналат. Кызмат товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда жана сатууда фискалдык- кассалык дүмүрчөктү берүү менен накталай төлөмдөрдү жүргүзүүчү ишкерлерге арналган!
MegaKassa онлайн-ККМдин артыкчылыктары:
- жеткиликтүүлүк: кымбат аппараттык ККМ сатып алуунун кереги жок;
- убакытты үнөмдөө: MegaKassa'ны каттоо жана ишке киргизүү MEGA тейлөө борборлорунда жүргүзүлөт, демек, КР Салык кызматынын кеңселерине баруунун зарылдыгы жок;
- ыңгайлуулугу: касса китепчесин күн сайын жүргүзүү жөнүндө тынчсыздануунун кажети жок, анткени бардык маалыматтар MegaKassa контролдук-кассалык машиналарында автоматтык түрдө сакталат;
- көзөмөл: бардык кассалык операцияларды кызматтын жеке кабинетинде байкоого болот.
Колдонуучуну кошуу АКЫСЫЗ ишке ашырылат!
MegaKassa – негизги бухгалтердик эсеп чөйрөсүндө ачык-айкындыкты жана натыйжалуулукту камсыз кылган ишенимдүү бизнес өнөктөшүңүз.