Перейти на новый сайт
MEGA абоненттер менен ар дайым байланышта!

MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору өзүнүн абоненттери менен 24/7 шарттамында байланышта. Эгерде кандайдыр бир суроолоруңуз, сунуштарыңыз же даттанууңуз болсо, сиз ар дайым компаниянын Байланыш борборуна кайрыла аласыз.

Абоненттердин ыңгайлуулугу үчүн, бир нече байланыш каналдары каралган:

  • Кыска *500 номерин териңиз жана бир нече мүнөттүн ичинде компетенттүү жооп алыңыз (чалуу акысыз).
  • Эгерде сиз зарыл учурда тез чалууну кааласаңыз, *505 номери боюнча акы төлөнүүчү линиядан пайдаланыңыз (чалуу баасы − 10 сом) же 500 номерине биздин "SMS-кеңешчиге" акысыз SMS - билдирүү жөнөтүңүз.
  • Эгер сиз башка байланыш операторунун абоненти болсоңуз, +996 555 500 000 номер аркылуу суроо берсеңиз болот (чалуу  операторуңуздун кызмат көрсөтүү шарттарына ылайык тарифтелет).
  • MEGA байланыш борбору  менен +996 999 500 000 WhatsApp номери аркылуу байланышууга да болот.

Байланыш борборунун каалаган номерин телефон китепчесине сактап, бизге жакыныраак болуңуз. Биз кубануу менен жардамга келебиз!

Мындан тышкары, штаттан тышкаркы жагдай жаралган учурда, MEGA абоненттери   MEGA24 ыңгайлуу тиркемесиндеги жеке кабинети аркылуу көпчүлүк маселелерин чече алышат.

MEGA24 тиркемесиндеги «Жеке кабинетинде» абоненттерге төмөнкүдөй иш-аракеттер жеткиликтүү:

  • учурдагы балансты көзөмөлдөө;
  • тариф боюнча калдыктарды текшерүү;
  • баланс кайсы кызматтарга жумшалып жаткандыгын көзөмөлдөө;
  • тарифтик планды каалаган тарифке алмаштыруу;
  • кошулган кызматтарды текшерүү;
  • кошумча интернет топтомдорун жана тармактан тышкары мүнөттөрдү сатып алуу;
  • деталдоону алууга тапшырык калтыруу;
  • жакындарынын номерлерин кошуу, балансты жана чыгымдарды көзөмөлдөө;
  • M2M SIM-картаны башкаруу.

Биз сиз үчүн суткасына 24 саат, жылына 365 күн иштейбиз.

MEGA – мыктыны тандоо!

 

Сунушталган кызматтар

  • MegaCloud булутта сактагычы

    кызматы

  • Киоск

    кызматы

  • «Сен кайдасың?»

    кызматы

  • MegaCom Wi-Fi (КМТУ)

    кызматы