Перейти на новый сайт

SMS-пакеттери: өзүңө майрамдык маанай тартуула!

 

SMS-пакеттери: өзүңө майрамдык маанай тартуула!

14-февралга карата MegaCom компаниясы сүйгөн адамдар, достор жана жүрөккө жакын адамдар үчүн эң жакшы белек боло турган– «SMS-пакеты» деген, өзгөчө белегин өзүнүн абоненттерине камдап койду.

«SMS-пакеттер» кызматы – бул жалаң эле MegaCom түйүнүнүн абоненттери менен гана эмес Bitel, Mobi жана Fonex түйүндөрүнүн абоненттери менен ыңгайлуу баада SMS аркылуу баарлашуу.

100 SMS, 250 SMS же 500 SMSтен турган пакеттерди тандап алса болот. SMS-пакеттерин сатып алып, cиз түйүн ичинде кошумча SMS аласыз: 100 SMSтен турган пакет – 20 акысыз билдирүү, 250 SMSтен турган пакет – 50 билдирүү, 500 SMSтен турган пакет – 100 билдирүү.

Мындан тышкары бул кызматтын негизги өзгөчөлүгү, анын жардамы менен сиз жакын досторуңузга жана туугандарыңызга жакшы белек жасай аласыз. Ал үчүн MegaCom компаниясы MegaCom түйүнүнүн каалаган абонентинин номерине SMS-пакетин кошуп берүү мүмкүнчүлүгүн берип жатат.

Пакет 100 чыккан SMS билдирүү 250 чыккан SMS билдирүү 500 чыккан SMS билдирүү
Бонус MegaCom номерлерине + 20 SMS MegaCom номерлерине + 50 SMS MegaCom номерлерине + 100 SMS
Пакеттин аракеттенүү мөөнөтү 30 күн 60 күн 90 күн
Кошуу наркы (сом) 96 210 360
Өзүнүн номерине кошуу буйругу *505*1*100#чалуу *505*1*250#чалуу *505*1*500#чалуу
Башка абоненттин номерине кошуу буйругу *505*1*100*
0555XXXXXX#чалуу, хххххх - абоненттин номери
*505*1*250*
0555XXXXXX#чалуу, хххххх - абоненттин номери
*505*1*500*
0555XXXXXX#чалуу, хххххх - абоненттин номери

Баалар салыктардын бардыгын эсепке алуу менен көрсөтүлдү.

Кызматтын абалы тууралуу маалыматты *505# кыска буйругун терип, билсе болот

Сиз бир эле мезгилде бир нече SMS-пакеттерин коштура аласыз. Мындай учурда алардын аракеттенүү мөөнөтү жана көлөмү суммаланат. Кошулуп жаткан пакеттердин саны бет эсептеги акча каражаттын өлчөмү менен гана чектелет.

Эгерде SMS-пакетти кошуу учурунда бет эсептеги сумма кызмат акысынан аз болсо SMS-пакетти кошуу мүмкүн эмес. Ал эми пакеттеги SMS-билдирүүлөр мөөнөтүнөн эрте колдонулуп бүтсө (120, 300 же 600 билдирүү жөнөтүлсө) чыккан SMS абоненттин тарифтик планына ылайык тарифтелинет.

Көңүл бургула! Абонент роумингде болуп SMS жөнөтсө, ошондой эле, маалымат- көңүл ачуучу сервистерге SMS жазса, бул билдирүүлөргө кызматтардын наркына ылайык төлөнөт

MegaCom: өз келечегиңди танда!

Сунушталган кызматтар

  • «Мобилдик которуу»

    кызматы

  • «MegaCom 4G USB модеми»

    кызматы

  • «Амедиатека»

    кызматы

  • Футбол порталы

    кызматы