Перейти на новый сайт

Бардыгы өз колуңузда: Унаа ээлери үчүн эң керектүү кызматтар MegaPay’де

Сиз айдоочусуз дейли. Унааңызга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдүн  акысын төлөө үчүн, ыңгайлуу мобилдик кызматтарды издеп убактыңыз текке кетип жатабы? Эми кам санабай эле койсоңуз болот. MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш операторунун ыңгайлуу жана көп функционалдуу тиркемеси −  MegaPay аркылуу көптөгөн кызматтардын акысын түзмөгүңүздүн экранын бир басуу менен төлөй аласыз.

Автоунаа сүйүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн, мобилдик тиркемеде “Коопсуз шаар” долбоорунун видеофиксация камераларында катталган жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пулдар (колго жазылгандар дагы) тууралуу маалыматтар, транспорт каражатын камакка алуу жана күрөөгө коюу, күйүүчү май карталарын толуктоо, муниципалдык унаа токтотуучу жайларга акы төлөө сыяктуу эң актуалдуу кызматтар топтолгон.

Айдоочулар үчүн MegaPay′деги кызмат көрсөтүүлөр: 

  • кеңейтилген Сarcheck;
  • айыптарды текшерүү жана төлөө;
  • Бишкектеги муниципалдык унаа токтотуучу жайлардын кызматтарынын акысы;
  • КР Президентинин Иш башкармалыгына караштуу «Автотранспорт ишканасы» МИнин унааларын ижарага алуу жана оңдоо;
  • 250дөн ашык таксипарктар (такси айдоочулары үчүн баланс толуктоо);
  • РИОМ авто базары;
  • «Партнер Нефть». Күйүүчү май картасын толуктоо;
  • «Россия Нефть» май куюучу станциялар тармагы (КРдин Түштүк аймагы боюнча).

Эгер сиз унааңызды сатып жатсаңыз, анда mashina.kg, lalafo.kg. сыяктуу аянтчалардагы жарнама акысын MegaPay аркылуу төлөй аласыз.

Ошондой эле MegaPay тиркемесинде Drive Master, Start parts ж.б. дүкөндөрүнүн унаа тетиктеринин акысын төлөө да жеткиликтүү.

Болгону каалаган кызматты тандап, керектүү сумманы киргизиңиз жана төлөмдү тастыктаңыз. Бардыгы − тез жана коопсуз! Колдонмонун оңой навигациясы жана жеңил колдонулушу сиз каалаган жерде жана каалаган убакта төлөм жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Жаныңызда накталай акчанын же картанын болушу шарт эмес, смартфонуңуздун болгондугу жетиштүү. Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн акысын төлөө мынчалык ыңгайлуу болгон эмес!

MegaPay − сиздин ишенимдүү жардамчыңыз!

Сунушталган кызматтар

  • «Сен кайдасың?»

    кызматы

  • Футбол порталы

    кызматы

  • Алдын ала төлөө картасынын статусун текшерүү

    кызматы

  • Роумингдеги абоненттер үчүн маалымат

    кызматы