Перейти на новый сайт

Эми MegaPay′де соттук карызды текшерүүгө жана аткаруу жыйымын төлөөгө болот

Айрым адамдар соттук карызы бар же жок экендигин билбей калышы мүмкүн. Айрыкча Жаңы жылдын алдында,  башка өлкөдө эс алууну пландап жаткан учурда  мындай жагымсыз жагдай сизге ыңгайсыздык жаратышы  мүмкүн. Саякатка чыгууну ойлонуп жатсаңыз, карызыңыздын бар же жок экендигин так билишиңиз керек, себеби  карызы бар жарандын чет өлкөгө чыгуусуна чектөөлөр коюлушу мүмкүн.

MEGA мамлекеттик мобилдик оператору колдонуучуларына ыңгайлуу болуусу үчүн,  MegaPay мобилдик тиркемесинин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү улантууда. Эми MegaPay′де соттук карызды, текшерүүгө жана аткаруу жыйымын төлөөгө болот! Бул кызматтын жардамы менен сиз убактыңызды жана акча каражаттарыңызды үнөмдөйсүз.

Аткаруу жыйымы — карыз өз убагында төлөнбөгөн учурда төлөнүүгө тийиш болгон акчалай айып. Аткаруу жыйымы мажбурлап аткарууну ишке ашыруу максатында  алынат.

Төлөнө элек карыздарыңыз болсо, кандай тыюу салууларга жана чектөөлөргө туш болушуңуз мүмкүн:

  • өлкөдөн чыгууга тыюу салуу;
  • кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү камакка алуу;
  • насыя же жогорку пайызы менен насыяларды берүүдөн баш тартуу жана башкалар.

Соттук карыздын бар/жок экендигин кантип текшерүүгө болот:

  • «Кызматтар» бөлүмүнө өтүңүз;
  • “Соттук карызды текшерүү” бөлүмүн тандаңыз;
  • сиздин толук аты-жөнүңүз жана идентификациялык салык номериңиз чагылдырылат, “Андан кийин” баскычын басыңыз.

Эгерде сизде аткаруу жыйымы бар болсо, сиз аны тиркемеден чыкпай туруп, КОМИССИЯСЫЗ төлөй аласыз.

Долбоор Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти менен биргеликте иштелип чыккан.

MegaPay –  жашооңуздагы алмаштырылгыс жардамчыңыз!

Сунушталган кызматтар

  • 4G LTE

    кызматы

  • «SIM-меню»

    кызматы

  • Wi-Fi таратуу

    кызматы

  • Автомаалымдоо

    кызматы