Перейти на новый сайт
MegaCom компаниясынын жаңы сайт дизайны сиздердин кызматыңыздарда!

 

MegaCom компаниясынын жаңы сайт дизайны сиздердин кызматыңыздарда!

Урматтуу абоненттер!

2008-жылдын 21-январынан баштап MegaCom компаниясынын интернет-өкүлчүлүгүнүн жаңы дизайны иштей баштады.

Сайттын жаңы дизайны стилдүү, навигациясы ыңгайлуу болуп калды. Маалымат алуу мүмкүнчүлүгү алда канча кеңейтилди: мурунку бөлүмдөрү кеңейтилди, графикалык сүрөттөлүшү оптималдаштырылды, сайттын ачылуу ылдамдыгы жогорулады. Маалыматтарды берүү формасы жакшыртылды, абонент аны кызыктырган суроолоруна жоопторду тез арада табууга мүмкүнчүлүк алып, компаниянын тарыхынан акыркы жаңылыктарды билип турат. Сайттын меймандарына «Пресс-борбор» жана «MegaCom Life», «Кошулуу жана төлөө» ж.б. сыяктуу жаңы маалымат бөлүмдөрү ачылды. «Пресс-борбор» деген бөлүмдө компанияда болуп турган акыркы жаңылыктарды гана окубастан, MegaCom компаниясынын ишмердүүлүгү жөнүндө башка белгилүү басылмалардын жазгандарын да окуса болот. «Жаңылыктарга жазылуу» жана «MegaCom Life» бөлүмдөрүндө акыркы жаңылыктарга жазылып, компаниянын корпоративдик журналын «барактап» чыкса болот. «Кошулуу жана төлөө» бөлүмү абоненттин эң жакшы жардамчысы болуп калат, себеби бул жерде убара болбостон кантип балансты толуктоо болоорун биле аласыз.

Сайтты жакшыртып жатып, MegaCom компаниясынын кызматкерлери абоненттердин жана сайтты пайдалануучулардын талаптарын эске алууга аракетин жасашты. Биздин сайт сиздерге көптөгөн кызыктуу маалымат берерине ишенебиз.

Бир жума бою сайт тест режиминде иштейт. Ошондуктан, сайтта кетирилген каталарды тапсаңыздар, бизге pr@megacom.kg дареги боюнча кабарлоону суранабыз. Ал эми өз кезегибизде биз, ошол кемчиликтерди убагында жоюуга сөз беребиз. Мындан тышкары, сайтты оптималдаштыруу жаатында каалоо-тилектериңиз болсо, бизге жазыңыздар, биз аларды колубуз келишинче ишке ашырууну көздөйбүз.

MegaCom: өз келечегиңди танда!

Сунушталган кызматтар

  • Астрология

    кызматы

  • more.tv онлайн-кинотеатры!

    кызматы

  • «Мобилдик айлык акы»

    кызматы

  • «Онлайн роуминг» топтомдору

    кызматы