Перейти на новый сайт

Товарлардын жана кызматтардын акысын MegaPay жана бирдиктүү QR аркылуу төлөңүз жана 5% реалдуу кэшбэк алыңыз!

Жаңы жыл босогосунда  MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору белек берүүнү улантуу менен,  “MegaPay′де кэшбэк”  акциясынын башталгандыгын жарыялайт.

Эгерде Сиз товарлардын жана кызматтардын акысын ыңгайлуу жана жөнөкөй MegaPay мобилдик тиркемеси жана телефонуңуздун балансынан бирдиктүү QR-код аркылуу төлөсөңүз, 5% кэшбэкке ээ болосуз. Мобилдик тиркеме аркылуу аткарылган ар бир сатып алуу сиз үчүн жагымдуу да, пайдалуу боло тургандыгы шексиз. MegaPay аркылуу төлөм жүргүзүүдө берилүүчү  кэшбэк  сиздин жеке эсебиңизге келет. Кэшбэкти мобилдик тиркемеде каалаган кызматтардын акысын  төлөөгө жумшаса болот.

Татаал формаларды жана ашыкча төлөмдөрдү унутуңуз! MegaPay тиркемесинин жардамы менен сиз мобилдик байланыш, интернет жана тарифтик пландар үчүн төлөмдү тез жана оңой аткара аласыз. Тиркеме аркылуу жана QR MegaPay бар төлөм пункттарында телефонуңуздун балансынан  кафе, ресторан, дарыкана жана май куюучу жайларда төлөмдөрдү жүргүзүүгө болот. Ошондой эле айып пулдар, салыктар жана мамлекеттик кызматтар үчүн акы төлөө да жеткиликтүү.

Акцияны активдештирүү оңой. MegaPay тиркемесин 3.7.3 жана андан жогорку версияга жаңылоо (App Store'дон жана Google Play'ден жүктөп алууга болот) жана MegaPay колдонуучусу катары идентификациялоодон өтүү жетиштүү. Экранды бир нече жолу гана басуу менен,  сиз пайдалуу программанын мүчөсү болосуз. Үнөмдүү сатып алуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз!

Акция 2023-жылдын 21-декабрынан 2024-жылдын 31-мартына чейин аракетте болот.

*Кэшбэк жеткиликтүү болгон кызматтардын жана төлөм түйүндөрүнүн толук тизмеси жана акция тууралуу толук маалымат MegaPay тиркемесинин «Кэшбэк» ─ «Кантип алууга болот?» бөлүмүндө көрсөтүлгөн.

MegaPay –  жашооңуздагы алмаштырылгыс жардамчыңыз!

 

Сунушталган кызматтар

  • «SIM-картаны каттоо»

    кызматы

  • MegaCom Wi-Fi (КМТУ)

    кызматы

  • «Номурду кайрадан каттоо»

    кызматы

  • «Чалууларды жана SMSтерди чектөө»

    кызматы