Перейти на новый сайт
MEGA: Ар дайым биринчи болуу! Эми MegaPay тиркемесинде жеке ишкерди онлайн-каттоо кызматы жеткиликтүү

MEGA компаниясы   өлкөбүздө биринчи болуп, MegaPay тиркемесинде жеке ишкерди онлайн-каттоо кызматын ишке киргизди. Бул − ишкердикти өнүктүрүүнү колдоо, ата мекендик  ишкерлердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн ыңгайлуу чечим.

Кыргызстанда биринчилерден болуп иштелип чыккан бул жаңы кызмат Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин колдоосунда ишке киргизилди жана жеке ишкерлерди каттоо процессин жөнөкөйлөтөт.

Жеке ишкерлерди электрондук каттоо – бул өз бизнесин ачуунун ыңгайлуу жана тез ыкмасы. Эми жеке ишкердин статусун алуу үчүн,  Салык кызматына баруунун зарылчылыгы  жок. MegaPay тиркемесинин идентификациялоодон өткөн колдонуучулары булуттук электрондук кол тамганы колдонуу менен, жеке ишкерлерди онлайн каттай алышат.

Жеке ишкерди онлайн-каттоодон кантип өткөрүүгө болот? Төмөндөгү иш-аракеттерди аткаруу жетиштүү:

  • MegaPay тиркемесин ачуу (App Store жана  Google Play'ден жүктөп алуу  жеткиликтүү);
  • «Кызматтар» бөлүмүнө өтүңүз;
  • «Жеке ишкерди каттоо» категориясын тандаңыз;
  •  экрандын ылдый жагындагы “Билдирме калтыруу” баскычын басыңыз;
  • зарыл болгон бардык талаачаларды толтуруңуз;
  • булуттук электрондук кол тамганы колдонуу менен тиркемеде кол коюу.

Даяр!

Мамлекеттик салык кызматынын инспектору тарабынан текшерилгенден кийин, сиз каттоо ийгиликтүү өткөндүгү тууралуу билдирүү аласыз.  Алынган документ "Жеке ишкердин күбөлүгү" бөлүмүндө онлайн- режиминде жеткиликтүү болот.

Эгер сизде булуттук электрондук кол тамга жок болсо, MegaPay тиркемеси аны аралыктан алууга мүмкүнчүлүк берет.

Маанилүү! Кызмат Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн гана жеткиликтүү.

MEGA – уюлдук оператор гана эмес, андан да артык!

Сунушталган кызматтар

  • «Видеочалуу»

    кызматы

  • MegaCom Wi-Fi (КМТУ)

    кызматы

  • «Mega24» мобилдик тиркеме

    кызматы

  • «Маанай»

    кызматы

    icon