Перейти на новый сайт

MEGA маалымдайт

MEGA маалымдайт

«Альфа Телеком» ЖАК (соода белгиси MEGA) төмөндөгүнү маалымдайт:

  • 2023-жылдын 2-майынан тарта «Суперыңгайлуу 60», «Суперыңгайлуу баарлашуулар 60 New», «Суперыңгайлуу баарлашуулар», «Суперыңгайлуу Аймак», «Суперыңгайлуу 7 аймактык», «Суперыңгайлуу 7 Pro», «Суперыңгайлуу 7 Ultra» тарифтери жабылат жана аларды колдонуу токтотулат. 2023-жылдын 2-майына чейин узартылган тарифтердин шарттары, акы төлөнгөн колдонуу мөөнөттөрүнө ылайык, толук көлөмдө жеткиликтүү болот.
  • 2023-жылдын 2-майынан тарта «Суперыңгайлуу 195» тарифинин аталышы «Суперыңгайлуу 215» болуп өзгөртүлөт жана тариф боюнча абоненттик төлөм 7 күнгө 215 сомду түзөт; «Суперыңгайлуу 345» тарифинин аталышы «Суперыңгайлуу 360» болуп өзгөртүлөт жана тариф боюнча абоненттик төлөм 30 күнгө 360 сомдү түзөт; «Элдик Сөз бир айга» тарифинин абоненттик төлөмү 1 календардык айга 120 сомду түзөт. Аталган тарифтердин башка бардык шарттары өзгөртүүсүз калтырылат.

Бул тарифтерди колдонгон абоненттер өзгөртүүлөр тууралуу толук маалымат камтылган SMS-билдирүү алышат. Учурдагы актуалдуу тарифтер тууралуу толук маалыматты Байланыш борборунун *500 номерине акысыз чалуу аркылуу алууга болот, ошондой эле бардык MEGA Сатуу жана тейлөө борборлорунда жана компаниянын расмий сайтында жеткиликтүү.

Сунушталган кызматтар

  • «4G Wi-Fi Wingle MegaCom»

    кызматы

  • «Сиздин төлөм»

    кызматы

  • «Жетишсиз баланс тууралуу маалымдоо»

    кызматы

  • «MegaCom 4G Wi-Fi роутери»

    кызматы