Перейти на новый сайт
Мамлекеттик кызматтар сиздин смартфондо онлайн! MegaPay мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланыңыз

Мамлекеттик кызматтар сиздин смартфондо онлайн! MegaPay мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланыңыз

Технологиянын өнүгүшү менен смартфондор баарлашуу кызматын аткарган буюм катары гана эмес, маалыматтарды алууга, маанилүү иштерди онлайн бүтүрүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн санариптик жардамчы да болуп калды.

MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш операторунун MegaPay тиркемесинде эң көп колдонулган мамлекеттик кызматтарды 24/7 режиминде пайдалануу мүмкүнчүлүгү ишке ашканын эсиңиздерге салабыз.

MegaPay маанилүү документтерди алуу жана ал үчүн төлөм жүргүзүү процесстерин жөнөкөйлөштүрөт. Бул шарт колдонуучуларды түзүм жайгашкан дарекке баруу, төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн касса, банкка баруу сыяктуу түйшүктөрдөн арылтат.

MegaPay тиркемесинде төмөнкү мамлекеттик кызматтар жеткиликтүү:

  • мамкызматтардын 11 категориясы боюнча маалыматтарды акысыз текшерүү;
  • «Кадастр» мамлекеттик мекемесинен аныктамаларды толтуруу;
  • Жарандык абалдын актыларын каттоо үчүн төлөм жүргүзүү;
  • паспорт даярдоо үчүн төлөм.

Тактап айтканда, идентификациядан өткөн колдонуучулар смартфондон кирип «Сервис» бөлүмүнөн «Мамлекеттик кызматтар» баракчасына өтүүдө төмөнкүлөрдү аткара алышат:

  • паспорттун жарамдуулугу жөнүндө маалыматтарды текшерүү;
  • ID-картанын жана жалпы жарандык паспорттун даярдыгын тактоо;
  • жарандын үй-бүлөлүк макамы жөнүндө маалыматтарды алуу;
  • никеге туруу жөнүндө маалымат суроо;
  • бир жолу берилчү «Балага сүйүнчү» жөлөкпулунун төлөм макамын текшерүү;
  • кош ПИНдерди оңдоо боюнча берилген арыздардын макамын тактоо;
  • каттоо кызматтарынын даректерин тактоо;
  • өзүңүздү шайлоочулардын тизмесинен тактоо жана добуш берүү үчүн шайлоо тилкеңиздин дарегин текшерүү;
  • ЕНИ кодунун негизинде катталган адамдардын саны боюнча маалымат алуу;
  • билими тууралуу дипломдун аныктыгын текшерүү;
  • Табылгалар бюросунун базасында жоголгон документтин бар же жоктугун тактоо.

Кызмат үчүн комиссия 0 сом!

Жарандар «Кадастр» мамлекеттик мекемесинен аныктамалар» сервисинин жана баракчада жайгашкан «Сервистер» кызматынын жардамында кыймылсыз мүлккө бирдиктүү кодун терүү (ЕНИ коду) менен дароо билдирме жөнөтүп, төмөнкүлөрдү ала алышат:

  • кыймылсыз мүлктөрдүн техникалык параметрлери жөнүндө маалыматты;
  • кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын тарыхын;
  • кыймылсыз мүлк объектисине укуктар жана чектөөлөр жөнүндөгү маалыматтарды камтыган кыймылсыз мүлккө укуктун мамлекеттин реестринен көчүрмө.

Мындан тышкары, MegaPay колдонуучулары ЖААК кызматтары (кызматтардын тизмеси менен кененирээк шилтеме аркылуу өтүп окуңуз) үчүн төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ошондой эле тиркемеде жарандарга ID-карта жана жалпы жарандык паспорт даярдоо үчүн төлөмдү ишке ашыруу жеткиликтүү.

ЖААК кызматтары үчүн төлөм жүргүзүү үчүн төмөнкүлөрдү аткаруу жетиштүү:

  • «Төлөм» бөлүмүнөн «Мамлекеттик төлөмдөр» сервисин тандап, андан кийин «ЖААК кызматтарын» басыңыз;
  • «Өздүк эсеп» талаасына Жарандарды тейлөө борборунун кызматкерлери берген дүмүрчөктө көрсөтүлгөн төлөмдүн кодун жазып, сумманы жана төлөмдү тастыктоо.

Документтерди берген соң паспортту даярдоо үчүн төлөө жана Калкты тейлөө борборунун кызматкерлери берген документти аларда төмөнкүлөрдү аткаруу керек:

  • «Төлөм» бөлүмүнөн «Мамлекеттик төлөмдөр» сервисин, андан кийин «КР паспортторуна төлөмдү» тандаңыз;
  • дүмүрчөктө көрсөтүлгөн төлөм кодун жазып, сумманы жана төлөмдү тастыктоо.

Убактыңызды жана каражатыңызды үнөмдөңүз! Google Play же App Store’дон MegaPay тиркемесин жүктөп алып мамлекеттик кызматтарды тез, оңой жана коопсуз колдонуңуз.

MegaPay – ишенимдүү жардамчыңыз!

Сунушталган кызматтар

  • «ЗОЖ»

    кызматы

  • «Кийин төлөнүүчү роуминг»

    кызматы

  • Төмөн баланс тууралуу автомаалымдагыч

    кызматы

  • «Ачык эсеп. Эскертүү чеги»

    кызматы