Перейти на новый сайт
MegaCom абоненттерин ICQ жана E-mail ге коштурууда

 

MegaCom абоненттерин ICQ жана E-mail ге коштурууда


MegaCom компаниясы көптөн күткөн «SMS2ICQ жана ICQ2SMS», «SMS2E-MAIL жана E-MAIL2SMS» кызматтарын киргизүүдө, алар аркылуу абоненттер мобилдик телефондорунан ICQ жана электрондук почта колдонуучулары менен кыска билдирүүлөр менен алмаша алышат.

Жаңы кызматтар баарлашууга кеңири мүмкүнчүлүк берет. MegaCom түйүнүнүн пайдалануучулары жанында уюлдук аппараты жок болсо дагы өнөктөрүнө, досторуна SMS-билдирүү жөнөнтө алышат – бул үчүн ICQ-да болуп же болбосо электрондук почтага кириш керек.

«SMS2ICQ жана ICQ2SMS» кызматынын жардам менен MegaCom түйүнүнүн абоненттери ICQ же QIP пайдалануучулары менен кыска тексттик билдирүүлөрү менен алмаша алышат.

«SMS2E-MAIL и E-MAIL2SMS» кызматы аркылуу MegaCom түйүнүнүн абонентери электрондук почтанын колдонуучуларына тексттик билдирүү жаза алышат.

Жаңы кызматтардын негизги өзгөчөлүгү телефондун мүмкүнчүлүктөрүн эффективдүү пайдалануу. Интернет жана уюлдук телефондун мүмкүнчүлүктөрүн бириктирип MegaCom компаниясынын абоненттери жаңы адамдар менен таанышып, достору жана жакындары менен дүйнөннүн каалаган бөлүгүндө баарлаша алат.

Кызматтан жеке жана корпоративдик коммерциялык тарифтик пландарынын абоненттери колдоно алат.

Кызматтар жана кошуу шарттары тууралуу толук маалымат бул жерде.

MegaCom: өз келечегиңди танда!

 

Сунушталган кызматтар

  • «Номурду кайрадан каттоо»

    кызматы

  • «Балдар кайда?»

    кызматы

  • «Видеочалуу»

    кызматы

  • MegaKassa

    кызматы