Перейти на новый сайт

MegaCom компаниясы уюлдук түйүндүн ЖАҢЫ 998 КОДУН ишке киргизет

MegaCom компаниясы уюлдук түйүндүн ЖАҢЫ 998 КОДУН ишке киргизет

Түйүндүн каптоо аймагынын кеңейиши, түйүндү жаңылоо жана байланыш сапатынын жакшыруусу MegaCom’дун абоненттик базасынын өсүшүнө өбөлгө болууда. Компаниянын пайдалуу тарифтерин жана ишенимдүү байланыш кызматын мындан дагы көп абоненттер толук кандуу пайдалана алуусу үчүн, 2022-жылдын 27-сентябрынан баштап MegaCom компаниясы ЖАҢЫ 998 номерлүү кодун ишке киргизет!

Сандардын ийгиликтүү тандалган комбинациясы жаңы код менен биргеликте ээсинин өзгөчөлүгүн ачып бере тургандыгы талашсыз.

998 кодуна ар ким өзү үчүн белгилүү даталарды, туулган күнүн, сүйүктүү сандарын же эски номерине окшош жаңы номерди ылайыкташтырып тандап алса болот. Бул үчүн «Номер тандоо» сервисинен колдоно аласыздар. Издөө тилкесине сизди кызыктырган сандардын комбинациясын териңиз. Эгерде номер бош болсо, аны чыккан жыйынтыктан көрө аласыз.

Жаңы код менен болгон SIM-картаны жеке жана ошондой эле компаниянын корпоративдик кардарлары дагы кошуп ала алышат.

Жаңы код менен кооз номерлерди алгачкылардан болуп тандап алууга шашылыңыздар. 998 префикси менен болгон SIM-карталар өз ээлерин компаниянын бардык Сатуу жана тейлөө борборлорунан күтөт. Кош келиңиздер!

MegaCom – мамлекеттик уюлдук байланыш оператору!

Сунушталган кызматтар

  • Конференц-байланыш

    кызматы

  • «IP Байланыш»

    кызматы

  • «Ачык эсеп. Эскертүү чеги»

    кызматы

  • «La-La Music»

    кызматы