Перейти на новый сайт
MegaPay чектөөлөрдү жоёт! Эми тиркемеде каражат төлөө баарына жеткиликтүү

MegaPay чектөөлөрдү жоёт! Эми тиркемеде каражат төлөө баарына жеткиликтүү

Товар жана кызматтар үчүн төлөм жүргүзүүгө көп функционалдуу санариптик шарттарды пайдаланууну туура көрөсүзбү? MegaCom’дун абоненти эмессиз, бирок бардык каражат төлөмдөрдү MegaPay тиркемеси аркылуу ишке ашырууну каалайсыз?

Сиздер менен таң калычтуу жаңылыгыбызды бөлүшөбүз: эми MegaPay тиркемесине катталуу мурдагыдан да жеткиликтүү болуп калды, ошол эле учурда КРдагы башка уюлдук операторлордун кызматтарын колдонгон абоненттер үчүн да.

MegaPay тиркемесин пайдалануу үчүн тиркемени мобилдик түзмөгүңүзгө орнотуп, катталуунун жөнөкөй процедураларынан өтүү жетиштүү. Андан кийин абонентке MegaCom’дун виртуалдык номери берилет. Ал номердин жардамы менен 700дөн ашык кызматтар үчүн төлөм жүргүзүп, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланып, транзакцияларды ишке ашырууга мүмкүн.

Маанилүү! Эгерде абонент кааласа MegaPay’ден берилген абоненттик номерди кадимкидей SIM-карта катары ыкчам түрдө алса болот. Ал үчүн компаниянын каалаган Сатуу жана тейлөө борборуна кайрылуу жетиштүү, SIM-картаны алгандан кийин байланыш жана интернетке кире алат.

MegaPay тиркемесинде абоненттик номерди кантип алса болот?

  • MegaPay тиркемесин жүктөп, ачыңыз (жүктөө Google Play жана App Store’до жеткиликтүү);
  • паспорттогу маалыматтарды толтуруп катталыңыз, андан кийин сыр сөз ойлоп, аны жазып (SIM-картаны алып жаткандагыдай) келишим түзөсүз;
  • MegaPay’ге кайрадан кирип жатканда мобилдик телефонуңузда жазылган инструкцияларды аткарыңыз.

Даяр! Эми MegaPay сервистерин толук колдонуу үчүн болгону логинди (колдонуучуга эсте сактап калуу милдеттенмеси менен берилген виртуалдык абоненттик номер*) жана жетки коду.

* Эгерде жетки кодун унутуп калсаңыз аны калыбына келтирүү мүмкүн эмес. MegaPay тиркемесине кирүү жеткисин алуу SIM-картаны алган учурда гана мүмкүн. Бул үчүн MegaCom’дун Сатуу жана тейлөө борборлоруна кайрылуу керек.

MegaPay – сиздин жашооңуздагы ишенимдүү жардамчыңыз!

Сунушталган кызматтар

  • «4 тил»

    кызматы

  • «Толукта жана утуп ал» викторинасы

    кызматы

  • Автомаалымдоо

    кызматы

  • «Кара тизме»

    кызматы