Перейти на новый сайт
MegaCom компаниясы Бостери айылында жаңы Сатуу борборун ачты

MegaCom компаниясы Бостери айылында жаңы Сатуу борборун ачты

Саны күн сайын өсүп жаткан абоненттердин ыңгайы жана аларга кам көрүү үчүн MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору өлкөнүн аймактарындагы бөлүмдөр түйүнүн кеңейтүүнү улантат. 16-июль, ишемби күнү компаниянын фирмалык салондорунун катары Бостери айылындагы жаңы мобилдик Сатуу жана тейлөө борбору менен толукталды.

Эми мындан ары Ысык-Көл облусунун тургундары жана агылып келген туристтер аймактын башка жагына барып отурбастан эле, Бостери айылындагы Мамытов көчөсү, 112 (жармаңке уюшулган аймак) дарегине барып, оператордун бардык кызматтарынан пайдалана алышат.

Жаңы Сатуу борборунун ачылыш салтанатынын урматына, MegaCom компаниясы эң алгачкы кардарлары үчүн конкурстар, баалуу байгелер жана белектерге толгон кызыктуу программа уюштурду. Майрамдык жагымдуу атмосфера иш-чаранын конокторун кайдыгер калтырган жок.

«Биздин максат – абоненттерибиз жана потенциалдуу кардарларыбыз үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү жана кызматтардын кеңири түрлөрүнөн пайдалануу жолдорун болушунча жөнөкөйлөтүү болуп саналат», – деп белгилешти MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш операторунун өкүлдөрү.

Бостери айылындагы жаңы мобилдик Сатуу борбору MegaCom'дун башка фирмалык салондорундай эле кызматтарды көрсөтөт. Кардарлар SIM-карталарды сатып алып каттоодон өткөрө алышат, номерлерди калыбына келтирүү же кайра каттоо, балансты толуктоо, шашылыш төлөмдөрдү жүргүзүү, актуалдуу кызматтарды коштуруу жана ошондой эле, жаңы тарифтик пландар, кызматтар, сервистер боюнча адистерден кеңештерди ала алышат. Компаниянын Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан Сатуу жана тейлөө борборлорунун даректери менен MegaCom'дун расмий сайтынан тааныша аласыздар.

MegaCom – мамлекеттик уюлдук байланыш оператору.

Сунушталган кызматтар

  • Ишенимдүү төлөм

    кызматы

  • VoLTE

    кызматы

  • «Эл аралык байланыш»

    кызматы

  • «Ата-Эне көзөмөлү»

    кызматы