Перейти на новый сайт
MegaCom Азия Кубогунун 32 000ден ашык күйөрмандарын сапаттуу байланыш менен камсыздады

MegaCom Азия Кубогунун 32 000ден ашык күйөрмандарын сапаттуу байланыш менен камсыздады

MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору кайрадан оюнда! MegaCom оператору ар бир абонентке ишенимдүү өнөктөш болуу ураанын бек тутуу менен футбол боюнча Азия Кубогуна тандоо оюндарынын алдында борбор шаардагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун аймагына 4G LTE түйүнүн модернизациялоо жана сигналды жакшыртуу иштерин жүргүздү.

Мунун натыйжасында Кыргызстан курамасынын рекорддук сандагы күйөрмандары – 32 000ден ашык көрүүчүлөр түйүнгө максималдуу күч келип турган чакта да жогорку ылдамдыктагы интернет кызматтарын ыңгайлуу шартта пайдаланып, оюн учурунда жакындары менен мелдештен алган таасир, эмоциялары менен бөлүшүп жатышты!

Эске салсак, MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору Кыргыз Футбол Союзунун топ-демөөрчүсү катары Кыргызстандагы футболдун өнүгүүсүнө активдүү салым кошуп, эл аралык масштабдагы иш-чараларга өнөктөшү катарында катышат.

Алга, «Ак Шумкар»! MegaCom компаниясы улуттук курамга Азия Кубогу-2023түн финалындагы ийгиликтерди каалайт! Сиздер үчүн бүтүндөй өлкө күйөрмандык кылат! Биз жеңиш Кыргызстан тарапта болот деп ишенебиз!

Сунушталган кызматтар

  • «Балдар кайда?»

    кызматы

  • «Номурду кайрадан каттоо»

    кызматы

  • Шашылыш маалымдоо буйруусу

    кызматы

  • «Чалууларды жана SMSтерди чектөө»

    кызматы