Перейти на новый сайт
MegaCom Run the Silk Road эл аралык марафонуна расмий өнөктөш катары катышты

MegaCom Run the Silk Road эл аралык марафонуна расмий өнөктөш катары катышты

MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору 14-майда Чолпон-Ата шаарында өткөн ШКУнун Run the Silk Road 10-эл аралык Ысык-Көл марафонуна расмий өнөктөш катары катышты.

MegaCom социалдык жоопкерчиликтеги компания катары адатка айлангандай эле Борбордук Азиядагы ири марафонду уюштурууга техникалык көмөк көрсөттү. Ошондой эле иш-чаранын катышуучуларына азембелектерди тапшырып, көңүл ачуучу шоу-программаларды даярдады.

«Кыргызстанда сергек жашоо образын жайылтып, дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө жакшы шарттарды түзүүнү пропагандалаганга багытталган долбоорлорду колдоо «Альфа Телеком» ЖАКтын кызматынын ажырагыс бир бөлүгү. Ошондуктан ири делген спорттук иш-чараларда дайыма MegaCom уюлдук байланыш операторунун аты аталат», – деп белгилешти компаниянын өкүлдөрү.

Бул масштабдуу спорттук иш-чара дүйнөнүн 22 өлкөсүнөн келген 3000ден ашык спортчуларды жана спорт сүйүүчүлөрдүн башын бириктирди. Мелдештер 4 аралыкта өттү: 42, 21, 10 жана 3 чакырым. Марафондун байге фонду 1 миллион 534 миң сомду түздү.

Белгилей кетсек, ШКУнун Run the Silk Road Ысык-Көл марафону Борбордук Азия боюнча эл аралык макамга ээ болгон жалгыз марафон. Ал квалификациялык деп саналып, нормативдерди аткарган жеңил атлетчилерге Азия оюндарына, Дүйнө чемпионаттарына жана Олимпиада оюндарына жолдомо алуу мүмкүнчүлүгүн берет.

MegaCom – спорт жана сергек жашоо үчүн!

Сунушталган кызматтар

  • «Мага кайра чал»

    кызматы

  • «Интернет роуминг»

    кызматы

  • Планер

    кызматы

  • 4G LTE

    кызматы