Перейти на новый сайт

Биз баатырларыбызды эсибизге тута жүрүшүбүз керек

Биз баатырларыбызды эсибизге тута жүрүшүбүз керек

12-августта MegaCom компаниясынын Ош шаарынындагы түштүк филиалында Ош облустук согуш, эмгек ардагерлери жана куралдуу күчтөр Кеңешине Volkswagen Golf 3 автомобилин белекке тапшыруу аземи болуп өттү.

2008-жылдын 12-августунда MegaCom компаниясынын түштүктөгү филиалында болуп өткөн иш чара Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жалаң гана 9 майда эмес, дайыма эстеп жүргөндөрдүн эсинде кубанычтуу күн бойдон калат. MegaCom компаниясынын директору Андрей Силич ардагерлер кеңешинин төрагасы Мурзали Абдрахмановго жапжаңы Volkswagen Golf 3 машинесин белек кылып, ачкычын салтанаттуу түрдө тартуулады.

Мурзали Абдурахмановичтин сөзү боюнча учурда Ош облусунда жүз миңге жакын согуш ардагерлери жана тылда эмгектенгендер жашайт. Ардагерлер колдоп туру үчүн Ош облустук кеңеши түзүлүп, ветерандарга колунан келишинче жардамын берип турушат. Унаанын жоктугунан кеңештин кызматкерлери да бор топ кыйналып жүрүштү эле. Бул көйгөйдү MegaCom компаниясынын жетекчилерине айтып жатып, төрага ушундай кыска убакыттын ичинде компания булл маселени чечип берет деп ойлогон да эмес эле.

- Биздин компания кайрымдуулук жардамын көп көрсөтөт, бирок биздин кайрымдуулук иш-чараларыбыздын эң башында ушул Согуш ардагерлери турат, - деп айтып берди Андрей Силич. – Ошондуктан, бизге генерал Мурзали Абдурахманов кайрылганда, биз көп ойлонбостон, дароо эле буларга керектуу болгон унааны сатып бердик.

MegaCom компаниясынын кызматкерлери менен көпкө маектешип отуруп, ветерандар өзүнүн жаңы машинесин минип кетишти. Бул кубанычтуу жолугушуу аяктады, бирок оштук ветерандардын жүрөгүндөгү жылуу сезим көпкө чейин сакталып келет. Бул, албетте тура. Биз өз баатырларыбызды эстей жүрүшүбүз керек, жана ушул күнгө жейин жашап жеткен ветерандарыбызга талыкпастан кам көрүү биздин ыйык парзыбыз.


555 командасы. Бардыгы – өз адамдар!

Сунушталган кызматтар

  • MegaCloud булутта сактагычы

    кызматы

  • «Интернет роуминг»

    кызматы

  • Алдын ала төлөө картасынын статусун текшерүү

    кызматы

  • «Кара тизме»

    кызматы