Optima Bank карталарын толуктоо: комиссия – 1%
«Альфа Телеком» ЖАК (соода маркасы MegaCom) абоненттерине 2022-жылдын 15-февралынан тарта MegaPay тиркемесинде «Оптима Банк» ААКтын карталарын толуктоо кызматын көрсөтүүдө, которулуучу сумманын 1%ы өлчөмүндөгү комиссия киргизиле тургандыгын маалымдайт.
MegaPay аркылуу төмөнкү банктардын карталарын КОМИССИЯСЫЗ толуктоого болот:
- «Айыл Банк» ААК;
- «Бакай банк» ААК;
- «Керемет Банк» ААК;
- «Кыргызстан Коммерциялык банкы» ААК (MBank);
- «РСК Банк» ААК;
- «Халык Банк Кыргызстан» ААК.
Төлөм жүргүзүү үчүн төмөндөгү иш-аракеттерди аткаруу жетиштүү:
- Google Play’ден же App Store’дон MegaPay тиркемесин көчүрүп алыңыз же жаңылаңыз;
- «Чыгарып алуу» баракчасын тандаңыз же «Төлөмдөр» – «Банк кызматтары» бөлүмүнө кириңиз;
- тизмеден керектүү банкты тандап, картанын же карталык эсептин номерин терип, керектүү сумманы жазган соң транзакцияны тастыктаңыз.
Даяр!
Колдонуучулар каржылык операцияларды өз смартфонунан эле 24/7 шарттамында ишке ашыра ала тургандыгын эсиңиздерге салабыз. Картаны онлайн-толуктоо абоненттерди банк бөлүмдөрүнө баруу зарылчылыгынан куткарат. Акча каражаттарын которуу абдан кыска убакыттын ичинде аткарылып, транзакциялар боюнча чектер «Төлөмдөр тарыхында» сакталат.
MegaPay – жашооңуздагы алмаштыргыс жардамчыңыз!