Перейти на новый сайт
MegaCom түйүнүнө 1 000 000-абонент кошулду!

 

MegaCom түйүнүнө 1 000 000-абонент кошулду!

 

MegaCom түйүнүнүн миллионунчу абоненти Урунбаев Махаммат болду, ал «Достук» тарифтик планына 30-июлда, Ош шаарынын дилердик түйүндөрүнүн биринен кошулду. Белек катары Махаммат Сатинбаевич өзүнүн уюлдук операторунан Түштүк-Чыгыш Азиянын Таиланд, Малайзия жана Сингапурга саякаттап келүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү эки кишилик жолдомо жана ардактуу абонентинин сертификатына ээ болду.

– Миллионунчу абоненттин кошулушу – бүткүл Кыргызстан боюнча абоненттерибиздин ишеничине ээ болгон бүтүндөй биздин командабыздын ийгиликтүү ишинин натыйжасы. Кардарларыбыздын ишеними, биз туура жолдо бара жаткандыгызыбдын эң мыкты далили, - деп, белгилейт MegaCom компаниясынын директору Андрей Силич.

2008-жылдын башынан тартып MegaCom компаниясынын абоненттик базасы эки эсе көбөйдү. Өткөн жылга салыштырмалуу жаңы кошулуулардын саны 5 эсе өстү. Абоненттердин суммалык трафиги миллиард мүнөткө жакындап калды. 2008-жылдын январынан баштап абоненттердин рыноктук үлүшү 7,5 % көбөйүп, 33% жетти.

Бүткүл республика боюнча, жетүүгө кыйын болгон аймактарды камтып, GSM-стандартындагы радиосигналдарды кабыл алуунун аймагын пландуу кеңейтүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. 2008-жылдан тартып коммерциялык эксплуатацияга 62 базалык станция киргизилип, бүгүнкү күндө объектилердин жалпы саны 362 түзөт. Түйүндүн сыйымдуулугун жогорулатуу боюнча иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө – жаңы шаймандар эксплуатацияга киргизилип, коммутатордун мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилүүдө. 2008-жылдын башынан бери коммутатордун сыйымдуулугу 2 эсе жогорулатылды.

Түйүнгө миллионунчу абоненттин кошулушуна карата майрамдык салтанаттарын MegaCom компаниясы Ош жана Бишкек шаарларынын көчөлөрүндө өткөрмөкчү. Ош шаарындагы майрамдык акциялар түштүктөгү борбор шаарыбыздын эң жандуу көчөлөрүндө 31-июлдан 2-августка чейин өткөрүлөт. Ал эми 1-августтан 16-августка чейин, фокусчулар жана КВН-командалары, граффити сүрөтчүлөрү, роллерлер жана велосипедчендердин катышуусу менен даярдалган оригиналдуу майрамдык программа Бишкекте уланмакчы. Сейил бактарында жана эс алуу жайларында сейилдеп жүргөндөрдүн бардыгы конкурстарга, шайыр оюндарга катышып, ал жерден кур кол калбай, белектерин ала кетишет. Майрамдык акциялар 16-августта, «Ала-Тоо» аянтында россиялык «Банд׳Эрос» тобунун катышуусундагы чоң концерт менен жыйынтыкталмакчы.

555 командасы. Бардыгы-өз адамдар!

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Автоплатеж»

  • Услуга

    4G LTE

  • Услуга

    Мегарассылка

  • Услуга

    Статус карты авансового платежа (КАП)