Перейти на новый сайт
MegaCom «Байланышта» кызматынын функционалы кеңейгендигин маалымдайт

MegaCom «Байланышта» кызматынын функционалы кеңейгендигин маалымдайт

«Альфа Телеком» ЖАК (соода белгиси MegaCom) 2021-жылдын 1-ноябрынан баштап «Байланышта» кызматынын жакшыргандыгын жана анын функционалынын кеңейгендигин маалымдайт. Аталган кызматтын жардамы менен колдонуучу бир да маанилүү чалууну өткөрүп жибербейт, ага чалган абоненттерден үн билдирүүлөрүн кабыл алат, жооп бере албай калган чалуулар жөнүндө билдирүүлөрдү алат, мындан тышкары колдонуучунун кайрадан байланышта экендиги ага чалган абоненттерге маалымдалат.

Абоненттердин ыңгайлуу болуусу үчүн, MegaCom мобилдик оператору «Байланышта» кызматын веб-интерфейс аркылуу башкарууну ишке киргизди. Мындан тышкары, белгиленген убакытка ылайык чалууларды кайра даректөөнү (башка дарекке багыттоо) кошуу мүмкүнчүлүгүн камтыган «Автожоопбергич» функциясын да киргизди.

Кызмат, аны кошуу шарттары жана кошумча функциялар тууралуу маалымат менен MegaCom компаниясынын расмий сайтынан, жана да www.nasvyazi.kg шилтемеси аркылуу таанышууга болот.

Сунушталган кызматтар

  • «I’m OK»

    кызматы

    im OK 1
  • NITRO

    кызматы

  • «Номурду кайрадан каттоо»

    кызматы

  • «Сиздин төлөм»

    кызматы