MegaCom маалымдайт
«Альфа Телеком» ЖАК (соода белгиси MegaCom) 2021-жылдын 22-октябрынан тарта Mega BONUS лоялдуулук программасына киргизиле турган өзгөртүүлөр жөнүндө билдирет:
- эсептелген баллдар 30 күн ичинде жарактуу болот;
- абоненттер топтомдук тарифтик пландарды колдонгон учурда, баллдарды бонустук топтомго алмаштыруу негизги тариф активдүү болгон шартта гана мүмкүн болот.
Лоялдуулук программасы тууралуу кошумча маалыматты *500 номери, жана да https://www.megacom.kg/services/mega-bonus?locale=kg шилтемеси аркылуу MegaCom расмий сайтынан алууга болот.
Киргизилген өзгөртүүлөр боюнча толугураак маалымат көрсөтүлгөн кызматты колдонгон абоненттерге SMS кат аркылуу жиберилет.